Көчмөндөр оюндарынын ачылышы көзгө толдубу?
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын мааниси, сценарийи мурдагы ачылыштарга салыштырып жатат. Салтанатта ат оюндары көрсөтүлүп, "Манас" айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырды. Айрым адистер расмий ачылышта негизинен адамзаттын, анын ичинде кыргыздардын таралышы боюнча философиялык ойлорго басым жасалып, жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдура турган өзгөчө көрүнүштөр аз болгонун белгилешет.