Памирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктаж
Алай районунун Талды-Суу айылына Памирден көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө мамлекет мал берди. Өткөн жумада ар бир үй-бүлөгө ондон кой, бирден саан уй жана жылкы жеткирилген. Бирок аларга тоют камдоого үлүш жер бөлүнүп бериле элек жана мал кармоо үчүн сарайлары жок.