Элеттик балдарга тил үйрөткөн ийрим
Элеттик балдарды ар тараптан колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү муну колдоп, бош турган имаратты пайдаланууга берген.