Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Кастыкты козуткан "айтыштан" алыс болсок...

0
Кастыкты козуткан

Бул күндөрү кошуна эки республиканын калкы тынчтык сакталса экен, бийлик башындагылар мунасага келсе экен деп Кудайдан тилеп турат. Бирок чыр-чатакты кайрадан ырбатууга далбаса кылгандар да бар. Дагы кыйласы бузукуларга жардамчы болуп калганын өздөрү байкабай жатат.

“Маалымат согушу” жөнүндө бир нече киши менен сүйлөштүм – көзмө-көз, Ватсап аркылуу, Фейсбуктан да талкууладык. Талашып-тартышкандардын катарында бейтааныштар, жашы улуулары да бар. Мында эӊ көп айтылган, типтүү жүйөлөрдү келтирдим:

- Тигилер оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса, биз унчукпай тим коёбузбу?

- Эгер сенин туугандарыӊдан же айылдаштарыӊдан бирөө мага акарат сөз айтса, баарыӊарды жек көрүп, сөгө беришим керекпи?

- Биздин үй-бүлөнүн бул жерге кандай тиешеси бар?

- Жеке үй-бүлөнү чакан мамлекет же өлкө деп элестетип көрөлүчү.

- Эми… Мындай учурда ким, эмне үчүн ушундай жорукка барганын тактап билиш керек го. Эгер ал жөнү жок эле сөгүнгөн болсо, тыйып коюш керек.

- Ооба. А эгер сенин атыӊдан такыр эле бөлөк бирөө балит сөздөрдү айтсачы?

- Менин атымдан эч ким бузукулук кыла албайт!

- Балким. Бирок интернетте, социалдык желелерде бүтүндөй кыргыздардын атынан тажиктерди, тажиктердин атынан жалпы кыргыздарды акарат кылып жатышпайбы?

- Азыр маалымат согушу да!

- Сага окшогон ишенчээктер иш жүзүндө чагымчылдарга көмөкчү болуп баратканын байкабай калды.

- Жок! Троллдор, фейктер эч качан мени алдай албайт! Мен аларды жек көрөм!

- Бирок сен өзүӊдүн барагыӊда кошуна элди дүңүнөн эле каралап жатпайсыӊбы.

- Бир эле мен эмес. Аттуу-баштуу агай-эжейлер бул согушка катышууда. Тиги бетпактарга катыра жооп беришти. Мисалы, “Баланчаев” байке менен “Түкүнчөева” эже.

- “Баланчаевдин” өздүк барагын карасаӊ, «жеке пикирин» бат-бат өзгөртүп, оозуна келгенди эле айта салмай адаты, оолукмалыгы бар экенин көрөсүң. Көбүнчө кийинки сөзүн такыр төгүндөй турган мурунку постун да алып салбай илип коё берет.

- Чын элеби? Карайынчы. Бирок “Түкүнчеева” такыр андай эмес.

- Ооба, ал чынчыл аял, менин билишимче. Бирок ачууга алдырып, аша чаап кетиши ыктымал.

Согушту диверсанттар чыгарат. Жалданма фейк аккаунттардын өзүнчө эле армиялары күндөп-түндөп «иштеп» жатат. Көздөгөнү – кайрадан согуш отун тутандырып, бүтүндөй регионду өрткө каптатуу. Кайдагы бир оозу бузук неме тажиктердин атынан бардык кыргыздарды сөгөт, дагы бир «кыргыз» бүтүндөй тажик элин каралайт. Көбүнчө бир эле киши ондогон аккаунттарды пайдаланат да, жеке өзү эле эки жактын «баатырлары» болуп ойнойт. Тим эле каршылаш жааттардын батальондору кырчылдашып жатып калгандай ызы-чуу чыгарат.

- Кантип эле?!. Мунун кимге кереги бар?

- Чагымчылдарга, тагыраагы, тролль жалдоочуларга. Согуш – эл үчүн, айрыкча кандуу кагылыштан жапа тарткандар үчүн кайгы-муң. Бирок башкалар үчүн – бул беткапчан «баатырлардын» виртуалдык оюну, болгондо да акчасы дайым төлөнүп туруучу оюн. Аларды жалдагандар кошуна эки элди кырылыштырып, эки жакка теӊ курал-жарак сатышы мүмкүн. Геосаясий мүдөө да бар мында.

- Бирок кадыр-барктуу кишилер башкача түшүндүрүп жатат го?

- Эң акылдуу киши деле жаӊылып калышы мүмкүн. Эл оозунда элек жок, ошондуктан иргеп угуу кажет. Кимдин оозунан кандай сөз чыгып, кимиси канчалык туура же ката иш жасап жатканын айырмалоого аракеттениш керек. Эки жакта тең эртеңкини ойлоп, сабырдуулукка чакыргандар да, ачууга уугуп, чырды ого бетер ырбатууга жулунгандар да бар.

Миң киши, миллион киши жабыла бир “чындыкты” хор менен айтып жатса да, ар бир адам өз алдынча акыл калчашы керек. Көпчүлүктүн ою дайым эле туура боло бербейт.

Кезинде Гитлерди немистердин дээрлик баары колдоп айкырып турушкан, ал эми жалпы "хорго" кошулбагандарды чыккынчы, душман деп куугунтукка алышкан.

Тажиктерди да, кыргыздарды да дүңүнөн каралаган, кемсинткен бузукулар эки тарапта тең бар. Ошолордун провокациясына алдырып, ажылдак деӊгээлге түшүп кеткенин байкабай калган жакшы эле замандаштар да кыйла көп.

Кастык отун ого бетер козуткан акарат кепти азайтып, токтотолу.

Же кырылышып жатып калган жакшыбы?..

Жолдош Турдубаев, публицист

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов


Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Zoomlion продемонстрировала последние достижения на выставке INTERMAT





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Маркетолог Родочинская: новая девушка Тимати копирует Решетову ради бизнеса



Москва

Стало известно число совершенных коррупционных правонарушений в РФ за 2023 год

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net