Алай: Кытай менен чектеш айылдарда коронавирус боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат
Алай райондук администрациясы Кытай менен чектеш жайгашкан Нура айылынын эли менен 1-февраль күнү жолугуп, коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу райондун акими Замир Молдокулов «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, митинг жана жол тосулганы жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт.
- Митинг, эч нерсе болгон жок. Баары тынч. Мен ошол Нурада жүрөм. Алар жөн эле коронавирус боюнча кооптонуп, суроо беришти. Мен баары менен сүйлөштүм, түшүндүрдүм. «Жол тосулду», «митинг болду» деген маалыматтардын баары жөн эле дүрбөлөң. Эл кадимки турмушу менен алектенип жатат, — деди Молдокулов.
Мамлекеттик чек ара кызматы билдиришкендей, бүгүнкү күндө «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоп турат жана качан ачылары жөнүндө азырынча маалымат жок.
Кыргызстан Кытай менен каттамдарынын баарын токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айткан. Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча «Жаңы жылды» белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин чек арасын убактылуу жабат. Өкмөт Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узартарын маалымдаган. (DU)