29.04.08
«Аалам», 29.04.08 — 2-бет: Полит-элита…•№43, 29.04.08-ж.
Кезек эми профсоюз пансионаттарында…
Буга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы С.Бозгунбаевдин айланасында чуулган ММКларга жазылып келген. Эми да С.Бозгунбаевдин ордун талашуу күчөп, аны кетирүү менен көлдөгү профсоюздардын пансионаттарын сатууга жандалбастап киришишти. Мындай интрига-шоунун артында Мамантимонополия деректири Ж.Нуржановдун кулагы тикчийүүдө. Эр болсоң айбат кылып көр.
М.Суталинов секи-ин жүрүп, «муштумга» жарабай калдыбы?
Соңку учурда УККнын ишмердиги купулга толбой, оппозициянын «шорун шорподой кайнатууга» чабалдык кылып атканы маалым. А жердеги «чоң» М.Суталинов элге уятын көрсөткөндөн бери секи-ин жүрүп, олуттуу иш болсо эле орун басарына түртө салмай адат тааптыр. Албетте, Акүйгө мындай жүрүш муштум боло албайт. Азыр бийлик билермандары М.Суталиновдун ордуна ишенимдүү адамды табалбай убара. Башпрокурор Э.Сатыбалдиевди жылдыралы деп караса, ал түзүк иштеп атат. Мындан башка ким бар, ыя? Сыйпалап калгандай…
Ө.Текебаевдин «түгөйү» табылдыбы?
Саясый тар чөйрөгө сенсациялуу кабар тарады. «Матрешка-гейттин» 2-сериясына үндөш. Бийлик күйөрмандары Ө.Текебаевге опокшош (двойнигин) кытай улутундагы адамды тапканы, сценарий боюнча Өмүке уурдалып, анан тиги «түгөйүн» мамлекеттен чыгып кетти ишпалдасын уюштуруу, Ө.Текебаевди качкын образында көрсөтүү, ошону менен көзүн да тазалоо… Айтор тилиң титирейт. Акыркы кырдаалдардан улам баарын күтүүгө болуп калды. Аргасыздан…
Кечээ К.Байболов, бүгүн И.Кадырбеков, эртең…
И.Кадырбековдун камалышынан саясый айып издөөгө негиз бар. Кылмышы болсо эмне үчүн учурунда козголбойт да, качан «Атамекен» партиясына ыктаганда, бийликке көзкарашы бузулганда чара көрүү вазийпасы башталат? Муну менен күч органдары оппозицияга ыктасаң, сындырып коебуз таризин көрсөтүүдө. Бийлик К.Байболовду (анын себептери менен) сындырды эле, эми И.Кадырбеков, эртең кезекте ким?
Доорбайдын дооранынан
Шаардын көркү болгон парктардын абалы мышык ыйлачудай. Тазалык дегенден тамтык жок. Бишкек шаардык парк башкармалыгына Доорбай Миңбаев келгени абал өзгөрмөк турсун, ал лейляктык туугандарын, жердештерин парк кызматына алганын койбоду. Же бир тазалык көрүнсөчү? Башкасын кой, Акүй жанындагы Панфилов паркы таштандыга толуп, тазалык, ырааттуулук дегенден ат чабым алыс калган. Доорбай аке дооранын токтотуп, жок дегенде ушу паркты караса боло. Же сөзсүз эле ажо Курманбек Салиевичтин күтүүсүз кыдырмайы керекпи? Түшүнүп болбойт.
Ф.Кулов «сүргүнгө» дейби…
Экс-фронтчу Ф.Куловдун дайын-дареги кумга сиңген суудай эле жоголду. Элден четтеп кеткени ачык байкалууда. Тагдырдын тамашасын кара, былтыр эле «Бириккен фронт» деп күрсүсүн бир коюп атып, изи сууду. Кызыгы, Ф.Куловдун кандидатурасы Россия, Кытай, Германия өлкөлөрүнө элчиликке каралып аткан имиш. Эгер элчи болуп кетсе, саясатчы катары «оомийин» болору да ажеп эмес.
«Аалам-пресс»
Жөө жүрүшпү, төө жүрүшпү?
Бакиев «батальонунун» жалданма саясый технологдору оппозициянын оозун Ошту каратып, өздөрүн шал кылып салганына эки жылдын жүзү болду. Ошондуктан, уят болгондоруна деле кайыл болуп, ушак-айыңдан арылалбай эптеп келатышат. Мындайды, «өлүк болуп көрдө жок, тирик болуп жерде жок» деп коет кыргыз. Оппозиция кандайдыр бир иш-чарасын өтө кызуу кандуулук менен баштайт. Кулов өңдөнүп «бийлик өз ыктыяры менен кетет» дебесе да, иштин чатакка айланаарын каңкуулап жиберет. Анан иш-чарасы эки күндүк «шоу» көрсөтүүсү сыяктанып, деми сууп дымып калгандарына күбө болосуң. Муну элдин эсебинен жан баккан Акүйчү жана Көкүйчү эргулдар эң эле сонун түшүнүп бүткөн. Атайын аракет кылып, коркуп-үркүп, нааразы тарап менен элдешүүнү самаган бийлик деле жок. Баягы, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей кеп болуп калды.
Өткөндө Коомдук парламенттин төрагасы, алайлык «акамдин» үйүнө телефон шыңгыратып калдым. Трубканы өзү көтөрүп, саламымды суз кабыл алды да, сылык-сыпаа жекирип кирди. Жарыктык киши десе, Коомдук парламентти же эл укпаса, же бийлик укпаса, баш кошуп сүйлөшө турган жай болду да деп, өзүңөр айтып жатасыңар. Анда Оштогу чайлашып отурган аладопучан туугандардан айырмаңар жок турбайбы деп жазганыма теригиптир. Жалганбы? Мен билбейт экем, Коомдук парламент түзүлгөндөн бери коомго кандай жаңылык кирди? «Акжолчу» парламенттен көңүлү калган эл коомдук парламенттен издегенин табалбай, супсуну сууганы жалган беле десең, чычалашат.
Ырасын айтыш керек, 2006-жылдан бери оппозиция калайык-калктын жалгыз үмүтүн кайра өчүрүп тынды. Жаңы нерсе, өзгөрүү, өнүгүү деген жок. Кайра нааразычылык акциялары деле «монотондошуп» баратат, чиркин. Эски пластинка улам кайталанып, коңулда аңдып, учуру келгенде согуп калуу тактикасынан башка нерсени эки жээктен көралбай жатабыз. Мисалы, оппозиция бийликтин кандайдыр бир чечимин аңдып көз салып турат. Анан Акүйдө макулдашылып, парламентте талкууланып, керек болсо добушка коюлуп, мыйзамдаштырганда гана ызы-чуусун баштайт. Нааразычылыкты сөзсүз бийликтин оорулуу жерине такап, элди көчөлөргө кое берет. Ошол элди да жарытып караган эмес. Натыйжада, Адилет Айтикеев окшогондор камалып кете беришет да, өздөрү губернатор болуп отуруп калат. Оппозициянын акциясы деле өздөрү сымал жарым жан. Мурда он күнгө чейин чыдачу эле. Эми эки күндүк «шоу» сыяктанып гана калды, түгөттүкү.
Кыргызстанда эки саясый фигуранын айланасында чогулган оппозициялык кыймыл бар. Башкаларын эсепке албаганда, көзгө толумдуу, сөзгө жугумдуу. Алар Атамбаев менен Текебаев салган чыйыр жол. Арийне, Атамбаев үчүн Текебаевге караганда Бакиев жакын киши. Бакиев өз түшүнүгүнө ылайык Атамбаевди президенттикке бир кадам жакындатты. Бийликтин даамын таттырды. Ал жагынан карыздар. Аккан арыкка түкүргөн кыргызда жок салт. Бирок, Алмаз мырза ошол салтты канча мезгил карманаарын көрүп турабыз. Ал эми Текебаев үчүн Атамбаев акниет дос же өнөктөш эмес. Муну ал жакшы билет. Ошондуктан, булардан ишенич, тилектештик, биримдик, ынтымак деген касиеттерди көрүү өтө кыйын. Эмнеге? Себеби, саясий атаандашуу экөөнү эки жээккке агызып кеткен. Бакиевдик саясый технологдор оппозициянын ушул жылчыгына бычагын матырып алып, талкалап, чачыратып баратканы ошондон. Текебаев Акаевдин бытыранды, жегич командасынан кол жыйды. Аргасы жок жасалды бул иш. Далайга кеткен даңкын колдонуп, бийликке «сес» көрсөтүмүш этип жүрү. Атамбаев болсо, Акүй кое бергенден бери тилин тишине кысып, айрым саясый кызыкчылыктардын курмандыктары катары коңулда бугуп жатат. Ич күптүсү, өчү, касы толтура. Айбаты деле жок. Кээде гана булаң-булаң көрүнүп койбосо, мурдагыдай дарамет сезилбейт азыр. Мына, оппозициянын жандуу картинасы…
Кудум бийлигине жарашкан оппозициясы деп ушуну айтыш керек. Анан ушундай картина менен жөө жүрүш жасап, казакка кеткен Каркыраны куткарабыз деп, кыргыз кырчылдашып жүрөт. Жадакалса, оппозициянын Каркыра жөнүндө так маалыматы деле жок. Өйдө-ылдыйдан кабары бар Мирослав Ниязовдон сурасак, ал ийин куушурат. Мен билгенден эл менен жолугушуп, Каркыраны көрүп келген бир адам болбоду. Анан көнгөн салт, үйрөнгөн адат дегендей жөө жүрүшүн баштап жиберишти. Натыйжасын караң, жөө жүрүш төө жүрүшкө айланып, аз жерден от тутана жаздады. Элдер ээрчибей, ажылдаган мас аялдар ээ-жаа бербей коюшту. Бул провокация болгон чакта да бийлик утушка жетти деп түшүнүңүз. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Оппозицияга мындан өткөн өкүнүч болбойт.
Манас ОСМОН
0429.htm