09.05.08
«Аалам», 09.05.08 — 2-бет: Полит-элита…•№46, 09.05.08-ж.
Экс-фронтчуга Н.Мотуев бирди көрсөтөбү?
Көмүр королу Н.Мотуев азуусун кайрап, экс-фронтчу Ф.Куловдун соңку жүрүшүнө абдан ачууланган кербези. «Каракечеге барганы мени көралбай, каршы саясатты жасап келет. Кыйын болсо, мага чейин деле Каракече ишин бүтүрбөйт беле?» дейт. Н.Мотуевдин айтымында, Ф.Кулов аркачан кыянатчылдыгын кылат имиш. Мындайын койбосо, көргүлүктү көрсөтөрүн да жашырбады.
У.Барктабасовдун оозу жабылганда
Алыскы Араб өлкөлөрүнөн байма-бай кат жазып, кыргызга «күйөм» деген У.Барктабасовдун үнү өчкөнү кызык. Манастан калган Каркыра казактарга кетип, анын айынан оппозиция лидерлери жөө жүрүшкө чыгуу менен провокацияга тушугуп, бийликтен ыдык көрүп, Каркыраны сактап калабыз дегендердин үнү Кудайга жетпей, бийлик машинеси билгенин жасады. У.Барктабасов патриот, мекенчил болсо, Каркыранын казактарга кетишине күймөк да. Же убагында «Астана энергияны» жетектегени, Казакстанда бизнес жүгүрткөнү үчүн Каркыранын кетишине кайыл болдубу? Кыскасы, Атажурттун ыйык жерине күймөк турсун, «лам» деп ооз ачканга жарабады. Эми «Барктабасов» деп ураан салгандарга артың менен күлө бер…
Транспорт министри ээрден оодарылат дейби…
Соңку кадрдык жүрүштөрдүн жүрүшүн баамдасак, транспорт жана коммуникация министри М.Сулайманов ээрден оодарылып, анын ордуна «акжолчу»А.Кулбаев деген неме барары каңкууланды. Эгер мындай кадам жасалып кетсе, министрликтин ташы өйдө кулайбы?
Т.Курманбеков С.Эргешовду эметалбайбы?
КР Салыктар жана жыйымдар комитетинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы бар. Жетекчиси С.Эргешов. Акыркы кезде бу аткаминердин артынан чуулган көбөйүп, кадр саясатында көп одоно иштерди кылып атканы боюнча маалымдалды. С.Эргешов профессионал кадрларды иштен айдап, алардын ордуна тууган-туушкан, дос-жар, жек-жаат сыяктуу жакындарын кызматка тартканын айтышууда. Бул жагынан ашынып баратканы боюнча салыкчылар арызданышууда. Дагы кызыгы, С.Эргешовдун пара алуусу боюнча да фактылар изилденүүдө. Мындай ишпалдасын көрүп отуруп, «тазамын» деген башкы салыкчы Т.Курманбеков неге унчукпайт(?), же маалымат жеткен жокпу? Алы жетеби?
Бүгүн политтехнологдор чабуулу, а эртең…
Политтехнолог В.Богатырев «колбала оппозиция» түзүү идеясын ыргыткан кербези. Жаңы оппозиция түзүү менен чыныгы оппозицияны саясый аренадан сүрүп чыгаруу, аларды алсыратуу амалдары көрүлмөкчү. Бийликтин мындай кадамына лидерлер А.Атамбаев, А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев, Т.Сариев сыяктуулар үн ката элек. Акүйдөн мындай амалдар башталган соң, оппозиция лидерлери реакция жасашпайбы. Же унчукпаган үйдөй балээден кутулат позициясындабы? Бүгүн политтехнологдор чабуулу, а эртең…
СДПКнын эл менен жолугушуусу күчөгөндө
СДПК фракциясынан Б.Бешимов баштаган топ Түпкө барып, эл менен жолугушуп кайтты. Бу саам ташбараңга алмак тургай, жылуу тосуп алгандары таңкалтырды. Бакыт мырзанын айтымында, көлдүктөр СДПКны жылуу кабылдашып, бийликти жама-ан шыбашыптыр. Б.Бешимовдун эл менен жакындан жолугушуусу күзгү саясый оюндарга даярданганы го… Бу саам жумуртка ыргыткан топко тушукпаса, эмки жолу кабылары ыктымал.
Д.Медведевдин инаугурациясы, В.Путиндин сөзү
Д.Медведевдин инаугурациясы жогорку деңгээлде өткөнүн көрүп отуруп, кыкеңдердин таз кейпине аргасыз ичиң ооруйт экен. Парад өткөнүн, уюштуруучулук чеберчилигин айтпай ак коелу. Баарынан салмактуусу В.Путиндин сөзү болду. Эң негизгиси, саясатта ишеним менен жоопкерчиликтин бийик болушун баса белгиледи. А кыргыздардын саясатында мындай сөз ат чабым алыс экени, ишеним менен жоопкерчиликтин жоктугу койчуга да маалым.
С.Жапаровдун үрөй учурмайынан…
Президенттин кеңешчиси С.Жапаровдун соң-ку жүрүштөрүн карап отуруп, күйбөгөн жериң күл болот экен. Жакындан бери «Түптөгү провокатор катындарга тиешем жок» деп карганып жүрү. Анын кылыктарын эл таразалап атат го… Башында Каркыра боюнча коргомуш эткен оюн билдире коем деп, Акүйдөн куйругу толгонгону жалганбы? Бизди таңгалдырганы, С.Жапаров гезитибизге чабуул жасаганга ниеттенип атканын көрүп, андай болсо мындай деп, анын чуулгандуу ишмердигине үңүлүп көрөлү дедик да, журналисттик иликтөө ишин баштадык. С.Жапаровдун кантип «Ысыккөл инвестбанкы» менен «Жыргалаң» шахтысына ээ болгону, А.Акаевдин балдызы экөө кандайча бизнес жүгүрткөнү, депутат кезинде «Бригадага» шестерка эмесмин» деп актанганы, кичи мекениндегилер кандайча ызырынганы, айтор, ж.б.у.с. чуулгандарына дүрбү салып, ажонун кеңешчисинин жүзүн ачып көрөлү. Үрөйүңөр учпаса болду…
«Аалам-пресс»
0509.htm