Күйөөсү өрт койгон келин аны кечирген арызынан кайра баш тартууда
Ысык-Көл облусунда күйөөсү өрт коюп, жабыркаган келин Сатина Бабаканова аны кечирген тосмо арызынан кайра баш тартып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бабаканованын жактоочусу Назира Абдумуминова билдирди. Адвокаттын айтымында, тосмо арыз жазылганы анык, бирок андай кадамга барууга ар кандай кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү түрткү болгон. «Түрдүү телефон номерлерден чалып, өлтүрүп кетүү, ден соолугуна зыян келтирүү жөнүндө опузалар болгон экен. Бирок ал өз арызынан баш тартып жатат, «колдобойм, мыйзам чегинде жоопко тартылсын» деп. Читать дальше...