Базардагы өрттөн зыян тарткандар Жогорку Кеңештин алдына чыгышты
Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө күркөлөрү күйгөн соодагерлер Жогорку Кеңештин алдына акцияга чыгышты. Акцияга чыккан 100гө жакын адам өкмөттөн жардам көрсөтүүнү талап кылууда. Алардын айтымында, өрттөн бардык товарлары күйүп кеткендиктен алар тезинен жардамга муктаж. Акцияга чыккандардын бири Рыскүл Мокенова өрттөн жабыркагандарга көңүл бурган киши болбой жатканын айтты: - Биринчиден, бизге ордубузду тууралап беришсин. Экинчиден, компенсация төлөп берсин. Бир тыйыны жок калдык. Эмне менен иштейбиз? Читать дальше...