Адвокат: Райымбек Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынган
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызын карады.
Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская сотто анын кызматтан мыйзамсыз алынганын айтты. Адвокат буга Матраимов чет мамлекетте дарыланып жүргөндө иштен алынганын жүйө келтирди. Эмгекке жараксыздык тууралуу маалым катка карабай кызматтан алуу менен мыйзам бузулганын белгилеп, аны ордуна кайра дайындоо тууралуу арызын толук канаттандырууну өтүндү.
Бүгүнкү сотко бардык тараптын өкүлдөрү келди. Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттыкка" билдиргендей, Исаковдун өкүлү иштин материалдары менен толук таанышып чыгуу үчүн убакыт сурап, кийинки жараян 17-майга белгиленди:
- Алгач өкмөттүн өкүлү иш менен толук таанышып чыгууну өтүнүп, ишти карап жаткан судья аны жарым-жартылай канааттандырган. Андан кийин ал Матраимовдун өкүлү Карыжинская менен макулдашып, сот 17-май, саат 14:00гө коюлду.
Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов "өзүн негизсиз жумуштан алды" деп быйыл апрелде ошол кездеги премьер Сапар Исаковду сотко берген.
2017-жылдын 23-ноябрында Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деген негиз келтирген. (NT)