Сот Матраимовдун Сапар Исаковго каршы жазган арызын карай баштады
Бишкектин Биринчи май райондук соту учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызын карап жатат.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Матраимовдун арызын кароо боюнча алгачкы жараян 2-майга белгиленип, бирок тараптардын өкүлдөрү келбей калгандыктан өткөн эмес. Натыйжада жараян бүгүнкүгө коюлган.
Райымбек Матраимов өкмөттүн аны кызматтан алуу тууралуу чечимин "мыйзамсыз" деп табууну жана кайра кызмат ордуна кайтарууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун анын иши "саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.
Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Мамлекеттик бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 миллион сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 миллион сомдун ордуна болгону 1,5-2 миллион сом гана жыйналганын жарыялаган.
Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” Исаков инисин "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” айткан. Мындан тышкары ал бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышын, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилишин жүйө келтирген. (NT)