Орто-Сай базарынын жанындагы "Каухар" бизнес-борборунда өрт чыкты
Бишкектин Орто-Сай базарынын жанында жайгашкан "Каухар" бизнес-борбору өрттөнүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо Сүйөркулов көчөсү №5 даректеги медициналык борбордон чыкканы тууралуу маалымат бүгүн саат 11.30да түшкөн. Аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Өрттү өчүрүү боюнча штаб түзүлүп, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы кабарланды. Интернетте тараган видео, сүрөттөрдө "Каухар" соода борборунун эң үстүңкү - бешинчи кабаты жалындап күйүп жатканын көрүүгө болот. Читать дальше...