Салянова: Сот адилеттүү чечим чыгарат деген үмүтүм чоң
Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянова өзүнө карата Жогорку сот адилет чечим чыгараарына ишеним артып жатат. Ал буга чейинки сот чечимдерин мурдагы бийликтин буйругу катары бааларын, кылмыш ишин козгоого негиз болуп берген Елисеевди тааныбай турганын, ал дагы өзүн тааныбайм деп чындыкты айтканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды:
- Юстиция министрлигиндеги көп жылдан бери эмгектенген кызматкерлердин баары "лицензияны жандандыруу мыйзамдуу болгон" деп тергөөдө да, сотто да тастыкташты.
Үчүнчүдөн, лицензия Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу. Елисеев аны бир күн да колдонгон эмес.
Төртүнчүдөн, тергөөнүн маалыматына караганда, Юстиция министрлигине Елисеевге карата кылмыш иши козголгон деген каттар түшкөн. Бирок аларды мен тургай, адвокатура боюнча башкармалыктын бир дагы кызматкери, башкармалыктын куратору Мамбеталиева дагы көргөн эмес. Бул каттарды көргөн күндө да, мыйзам боюнча жандандырбай койгонго негиз болмок эмес. Елисеев 2010-жылы соттолгон эмес. Райондук сотто дагы, шаардык сотто дагы мага жарыш сөзгө катышканга мүмкүнчүлүк берилген жок. Мындай мүмкүнчүлүк Жогорку сотто болот деген ишеним бар, - деп жазды Аида Салянова.
Анын ишин Жогорку сот бүгүн саат 14.00дө карайт. 3-майда сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган.
Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. (NT)