Бейтапканаларда "электрондук кезек" долбоору иштей баштайт
Өкмөт бейтапканалардагы кезек күтүүлөр көйгөйүн чечүү үчүн “электрондук кезек” долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Учурда Бишкектин №8 бейтапканасында пилоттук программа ишке ашырылап жатат. Доктурга электрондук каттоо аркылуу белгиленген убакытта тоскоолдуксуз кирүү шартын түзүү үчүн электрондук каттоо долбоору андан кийин Ысык-Көл облусунун үч районунда иштей баштайт. Тажрыйба ийгиликтүү өтсө бардык республикага жайылтылат. Читать дальше...