УКМК Сирия, Ирактагы согушка катышууга шектүүнү кармады
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети “Күрд жумушчу партиясы” террордук уюмунун мүчөсү аныкталып, кармалганын кабарлады. Атайын кызмат 14-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү Сирия, Ирак мамлекеттериндеги согуштарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн. Орусиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш аракеттердин негизинде ал Москва шаарында жасалма документтер менен жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү Талас облусунун тургуну. Орусиядан Кыргызстанга 12-декабрда экстрадицияланды. Читать дальше...