Жергиликтүү бийлик Кызыл-Омпол уран кенин мөөр менен бекитип түштү
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Усманалиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү органдардын катышуусунда Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттарын, техникаларын атайын мөөр менен бекитип кайтты. Бул тууралуу алар менен чогуу барган «Азаттыктын» кабарчысы Асеин Маданбеков билдирди.
Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев ырастагандай, учурда кенде иш толук токтотулуп, жумушчулар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компаниянын имараттарын жана техникалык каражаттарын Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери нөөмөт менен кайтарууга алып турат.
22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.
Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. ((AsM\ErN))