Путиндин Стамбулга барар-барбасы талашка түштү
«5-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуш үчүн Стамбулга баруу президент Путиндин планында жок». Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 26-февралдагы билдирүүсүнө таянып жазды.
Бирок Песковдун бул билдирүүсү Эрдогандын ошол эле күнкү сөзүнө карама-каршы келет. Буга чейин Эрдоган 5-мартта орус президенти Путин, Франциянын президенти Макрон жана Германиянын канцлери Меркел менен Стамбулда жолугуу макулдашылганын айткан.
Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү Орусиянын авиациялык колдоосуна таянып, бир нече аптадан бери Идлиб провинциясына чабуул коюп келатышат. Акыркы 30 күн ичинде Асаддын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясынын түштүгүндөгү 30 калктуу пунктту өзүнө каратты. Миллиондой адам үй-жайын таштап жер которууга аргасыз болду.
Акыркы убактарда Сириядагы аскердик күчтөрүн улам көбөйтүп жаткан Түркия да бул чатакка улам көбүрөөк аралашып баратат. Сирия жаңжалында Түркия оппозицияны колдосо, Орусия Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келет. (YI)