Жамалдинов: Коронавирус чыккан өлкөлөр менен карым-катышты убактылуу токтото туруу зарыл
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн сайын көбөйүп жатканына байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Депутат 26-февралдагы парламент отурумунда өкмөт өкүлүнөн сырттан кирип жаткандарды текшерүү кандай жүрүп жатканын сурап, вирус катталган өлкөлөр менен карым-катышты токтото турууну сунуштады.
"Вирус катталган өлкөлөрдүн жетекчилерине Тышкы иштер министрлиги аркылуу сүйлөшүп, түшүндүрсөңүздөр, алар деле туура кабыл алат го дейм. Убактылуу жарандарыңар кирбейт десе, туура эле түшүнөт да. Эмнесинен чочуйбуз? Бизге элибиздин ден соолугу, өлкөдөгү акыбал биринчи орунда турат", - деди Зиядин Жамалдинов.
26-февралда Жогорку Кеңеште коронавирустун алдын алуу боюнча атайын штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган мүчөлөрү маалымат беришти.
Маалыматка караганда, учурда өлкөнүн чек ара өткөрмө бекеттеринде 22 санитардык карантиндик пункт ачылган. Обсервация үчүн 964 орун даяр. Стационардык шартта 158 адам медициналык байкоодо турат. 28-январдан бери Кытайдан 1083 адам келди, анын 415и кытай жараны. Мындан тышкары учурда Кытайдагы 271 кыргызстандыктын 77си кайтып келүү ниетин билдиришкен.
Өмүрбекованын айтымында, Кытайдан келгендердин баары обсервациядан өттү, анализдери таза чыккан.
Апта башында Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечкени буга чейин маалымдалган. Эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.
Өпкөнү сезгенткен жугуштуу вирус былтыр декабрда Кытайда пайда болуп, бүгүнкү күнү отуз бешке чукул өлкөдө да ага чалдыккандар табылды. Көптөгөн мамлекеттер вирус чыккан өлкөлөр менен карым-катыш, каттамдарын токтотту.
Коркунучтуу вирус дүйнөдө 90 миңге чукул адамга жугуп, 3000ге жакын кишинин өмүрүн алып кетти. Өлгөндөрдүн саны боюнча Кытай алдыңкы орунда турат. (ZKo)