Иранда коронавирустан дагы эки киши өлдү
Иран 21-февралда коронавирустан дагы эки киши көз жумганын билдирди. Ошону менен өлкөдө бул илдеттен өлгөндөрдүн саны төрт кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур вируска чалдыккан дагы 13 киши аныкталганын "Твиттерге" жазды. Маалыматка караганда, жети жаңы учур Ком провинциясында, экөө Гиланда катталды.
Коронавирус көбүнчө Ком аймагында жашаган же ал жакка барып кеткен адамдарда табылган. COVID-19 деген вирусту жукутуруп алгандар Иранда 19-февралда катталган. Ошол эле күнү эки кишинин илдеттен каза тапканы тууралуу кабарланды.
Жаханпур Ислам жумурияты Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунан ооруну аныктоочу каражат, жабдыктарды алганын кошумчалады.
Иран менен чектеш Армения чек арадагы абалды көзөмөлгө алганын билдирди.
20-февралда Ирак Ирандын жарандарына өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салды. Ал эми Кувейт аба жолдору компаниясы да Иранга каттамдарды токтотту.