Кумтөр: чөгүп кеткен экскаватор айдоочусунун сөөгү табылды
Кумтөр алтын кенинде сууга чөгүп кеткен машинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу 16-февралда кен казуучу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
54 жаштагы айдоочу 15-февралда Петров көлүнө экскаватор менен кошо түшүп кеткен. Кырсык кечке жуук болгон. Куткаруучулар ал күнү аны таба алышкан эмес.
Маркум Барскоон айылынын тургуну болчу. Планга ылайык ишин аткарып жатканда кырсыкка кабылган. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.
Издөө иштерине Бишкектен жана Караколдон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышты.
2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө Кумтөр кенинде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери 9-январда токтотулган. (SE)