Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Ошто бутуна ок тийген спортчу президентке кайрылды

0
Ошто бутуна ок тийген спортчу президентке кайрылды

14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видео кайрылуусу жарыяланды. Кайрылуу "Фейсбук" социалдык тармагында Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго таандык экени айтылган баракча аркылуу жарыяланган. Кайрылуу «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деген мазмунду камтыйт.

Кайрылууда Рахманберди уулу Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу “бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз" деп коркутушканын ырастайт. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.

"Азаттык" Кылычбек Саркарбаевден, Нурбек Раимбековдун жакындарынан жана кайрылууда аты аталып жаткан Матраимовдордон азырынча комментарий ала алган жок.

Президенттик аппарат бул кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз" деп маалымат таратты. Милиция Рахманберди уулу тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деген жүйөнү айтууда.

Басма сөз катчынын айтымында, Рахманберди уулуна карата 29-январда бир нече адамдын кол салуусу боюнча иш козголуп, териштирүү башталган, бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун EREM спорт клубунда машыгып келген. Мэриядан Саркарбаевди ээлеген кызматынан кетирүү боюнча иш каралаарын билдиришти.

Нурбек Раимбеков —  Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун (мурдагы фамилиясы Раимбеков) бир тууган иниси. Ал буга чейин каракчылык боюнча кармалган.  (DU)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал об открытии нового перехода на вокзал Зеленоград-Крюково


Спорт в России и мире
Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елене Рыбакиной поставили неожиданный «диагноз»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Компьютерный 3D-переводчик на жестовый язык» стал одним из победителей конкурса цифровых проектов и идей для людей с нарушением слуха «Мы услышим»





Путин в России и мире
Москва

Создать комфортные условия для исследований и обучения


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Белый дом признал причастность к выработке «формулы мира» Киева


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт студии "Гармония"



Москва

Адвокат Жорин заявил, что полумиллионный долг Заворотнюк перейдет к наследникам

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net