Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 31 жыл болду
1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы "Термез" посту аркылуу Ооганстандан совет аскерлери толугу менен чыгарылып бүткөн. Ошентип СССРдин ооган жергесиндеги жарандык согушка "интернационалдык милдетти аткаруу" деген жүйө менен катышкан 10 жылы аяктаган.
Тарыхый булактарда 1979-жылы башталган калабадан 1989-жылга чейин Ооганстандын жүз миңдеген жараны өлүп, миллиондогону бозгун болуп кеткен.
СССРдин Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Совет бийлиги 546 миңден ашуун аскерин ооган жергесине жиберген. Миңдеген жоокерлер көз жумуп, айрымдары майып болуп кайтышкан.
Бул согушка 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта курман болгон, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз. (SE)