Алжирде нааразылык акцияларынын бир жылдыгы белгиленди
Алжирде демонстранттар өкмөткө каршы нааразылык акциялардын бир жылдыгын белгилешти. 14-февралда миңдеген жарандар жүрүшкө чыгышты.
Алар коррупцияны токтотууну, армияны саясатка аралаштырбоону, башкаруучу элитаны толугу менен алмаштырууну талап кылып келатышат.
Жүрүшкө чыккандар "Биз токтобойбуз!" деген жазуу бар плакаттарды көтөрүп алышты. Акция полициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө өткөнүн "Reuters" агенттиги кабарлады.
Жыйырма жылдан ашуун бийликте турган президент Абделазиз Бутефлика 2019-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон улам кызматтан кеткен. Бирок эски системадан калган бардык аткаминерлердин бийликтен кетишин жана саясий реформалардын өткөрүлүшүн талап кылган демонстрациялар токтой элек.