Орус соту «Сеть» иши боюнча айыпталгандарды узак мөөнөткө кести
Пензанын соту террористтик делген «Сеть» деп аталган топтун мүчөлөрүнө өкүмүн угузду. Алар 23 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратылды. Айыпталгандар кысым алдында күнөөсүн мойнуна алышканын айтышкан.
Сот айыпталгандарга прокуратура сураган жаза мөөнөтүн чегерди. Дмитрий Пчелинцев 18 жылга, Илья Шакурский - 16, Андрей Ченов - 14, Максим Иванкин - 13, Михаил Кульков - 10, Василий Куксов - 9, Арман Сагынбаев алты жылга кесилди.
Бул топтун мүчөлөрүн 2017-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармап, Москвада, Санкт-Петербургда, Пензада, Омскиде жана коңшу Беларуста террористтик топтун бөлүмдөрүн түзгөн деп айыптаган.
Тергөөчүлөр топтун мүчөлөрү 2018-жылы президенттик шайлоо маалында жана дүйнөлүк футбол мелдешинде бир катар жардырууларды пландаштырып, өлкөдө «кырдаалды дестабилдештирүү» аркылуу куралдуу козголоң уюштурууну козгогон деп санашат.
Укук коргоочулар бул иш жасалма экенин айтып келишет. Оппозициялык активист Алексей Навальный «Твиттердеги» баракчасына «террористтик уюм деп апыртылган» ишке айыпталгандар «кыйноого кабылганын» жазган.
"Мемориал" укук коргоо уюму "Сеть" иши боюнча айыпталгандарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизген.