Жээнбеков Токаев менен Кордайдагы абалды талкуулады
10-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана колдоосун билдирди. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.
8-февралга караган түнү Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан он адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алды. Бир топ турак үй, имараттар өрттөлдү. Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы жээгинде жайгашкан. Буга байланыштуу башамаландыктан соң Кыргызстанга өткөндөр көбөйгөн. (TSh)