Украина менен Түркия президенттери Киевде жолугушту
Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Киевде соода алакалары тууралуу сүйлөшүү үчүн жолугушту. Украин президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушууда эки тарап "бардык тармактар боюнча кызматташууну жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү" талкуулашты.
Буга чейин эки лидер былтыр августта Анкарада жолугушкан. Алар бул ирет украин-түрк бизнес форумуна да катышары күтүлүп жатат.
Былтыр жазында президенттик шайлоону жеңип мамлекет башына келген мурдагы куудул Зеленский украин экономикасын көтөрүүгө, 2014-жылдан бери токтобой келаткан өлкө чыгышындагы согушка чекит коюуга убада берип келет.
Соңку жылдары Орусия менен алакасын жакшыртууга аракет кылып келген Эрдоган Крымдын Орусия аннексиялап алышына каршы болуп, крымдык татарлардын укуктарын коргоп чыккан.