АКШ мамкатчысы Казакстанда Шинжаң маселесин көтөрдү
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырды. Ал мындай оюн 2-февралда "Азаттыктын" казак кызматы менен Нур-Султан шаарындагы маегинде айтты.
"Шинжаңда болуп жаткандар тууралуу сөз кылсак, биз Кытай өкмөтүнө да, бүгүнкү визит маалында Казакстандын өкмөтүнө да так айттык. Биз ар бир адамга татыктуу мамиле кылынышын күтөбүз. Ал жерде болуп жаткандар буга шайкеш келбейт. Казакстандын өкмөтү жакшы иш кылды. Алар Кытай өкмөтү сураган адамдарды өткөрүп берген жок. Биз буга кубанып турабыз. Бирок бул маселеге көңүл бурулушу керек экенин билебиз", - деди Помпео.
1-февралдын кечинде Нур-Султанга келген мамлекеттик катчы 2-февралда казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле туугандары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турганын айткан кытайлык казактар менен да жолукту.
Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы кабарланып келет. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөп жүрөт.