Тбилисидеги Орусияга каршы акциялар
Тбилисиде антиорусиялык нааразылыктар төртүнчү күн катары менен уланды.
Тбилисиде антиорусиялык нааразылыктар төртүнчү күн катары менен уланды.
Бүгүн, 24-июнда Европа Биримдигинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕБПА) Орусиянын делегациясына уюмдун чечим кабыл алуучу жыйындарында добуш берүү жана мониторинг жүргүзүү сыяктуу негизги укуктарын кайра калыбына келтирүү маселесин карайт. Европа Кеңешинин Хелсинкидеги 17-майдагы жыйынында Орусияны ЕБПАга кайтарууга 47 мамлекеттин тышкы иштер министрлери макул болгон. Украина, Грузия, Эстония, Латвия жана Литва каршы чыккан. 2014-жылы жазында ассамблеянын жыйынында Крымдагы окуяларга байланыштуу Орусия бир катар укуктардан ажыратылган эле. Читать дальше...
Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер ушул жылдын күз айларында Кыргызстанга сапар менен келет. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда бул сапарга камылга көрүлүүдө. - Юнкер мырза бул сапарга даяр экенин билдирген, - деди ал. - Учурда сапардын так мөөнөтүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул сапар Европа Биримдигинин Кыргызстанга карата кызыгуусунун бир ишараты болот деп ойлойм. Буга чейин Европа Биримдиги... Читать дальше...
Аталган борбордо мигранттарга укуктары, жумушка орношуу жана алар барып иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары тууралуу кеңири маалымат, кеп-кеңештер берилет. Ресурстук борборду Ош шаарындагы «Улыбка» коомдук фонду Эл аралык миграция уюму менен чогуу ачкан. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, долбоордун максаты - кулчулуктун алдын алуу жана адам сатууга каршы күрөшүү менен элдин жакырчылыктан чыгышына көмөктөшүү. Долбоор Кыргызстандын түштүгүндө эки жерде: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак... Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, өлкөдө 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34; Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33; Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21... Читать дальше...
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин корутундусун карай баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура бул боюнча канча убакытта чечим кабыл алаары азырынча белгисиз. Парламенттин экс-президенттин макамы жөнүндөгү корутундусу Башкы прокуратурага 20-июнда келип түшкөн. Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди... Читать дальше...
Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жыйырмадан ашуун адам жаракат алды. Алардын үчөө оор абалда экенин Чымкент шаардык ооруканасынан "Азаттыктын" казак кызматына кабарлашты.
Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан ондогон адам жарадар болду. Чымкент шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай алардын үчөө оор абалда экенин, реанимацияда жатканын «Азаттыктын»" казак кызматына билдирди. Түркстан облусундагы жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады жана Арыстагы бардык жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүш керек экенин, бул үчүн 15 эвакуациялык пункт ачылганын билдирди. Жарылуунун себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Читать дальше...
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун камактагы кызы Гүлнара Каримова азыркы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Кайрылууну кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады. Анда Каримова Мирзиёевден «гумандуулук кылуусун» өтүнгөн жана чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталып турган 686 миллион доллар акчасынан баш тарта турганын билдирген. «Азыр мени өзүмдүн ден соолугум тынчсыздандырат, мага тезинен эки операция жасалышы керек, ошондуктан мен президентке кайрылууга аргасызмын», деп жазылат кайрылууда. Читать дальше...
Йемендеги хусит козголоңчулары Сауд Арабиясындагы жарандык аэропортко чабуул коюп, андан бир кишинин өмүрү кыйылды. 21 адам жарадар болгонун бул топко каршы күрөшүп жаткан Саудия жетектеген коалиция маалымдады. 23-июнда хуситтердин өкүлдөрү Сауд Арабиясынын Абха жана Жизан шаарларындагы аба майдандарына дрон аркылуу сокку урулганын билдиришкен эле. Антсе да коалиция Йемендин чек арасына жакын жайгашкан Абха аэропортуна коюлган чабуулду гана ырастап, бирок анда кандай курал колдонулганын тактаган жок. Читать дальше...
24-июнда Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлө баштады. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдиргенине караганда, аскер бөлүгүндө жайгашкан кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:20да түшкөн. Жарылуунун себеби жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Жергиликтүү тургундар шаардын ортосунда бир нече жолу ири жарылуу болгонун «Азаттыктын» казак кызматына билдиришти. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп «NBC News» телеканалындагы маегинде Вашингтон Тегеран менен алдын-ала эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Бирок ал анда Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз болоруна ишеничин билдирди. - Эгер Иран өнүккөн өлкө болгусу келсе, каалоосу болсо биз тез эле тил табышабыз, - деди Трамп. Мунун алдында Жакынкы Чыгышка барганы жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да ушундай мазмундагы пикир айткан. Ал Иран сүйлөшүүгө кызыкчылыгы бар экенин ишарат кыла турган болсо... Читать дальше...
Ош облусунда СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелери Бишкекте президенттин кабыл алуусун күтүп, аны менен жолугушууга кире албай жатканын, ачка отурушканын «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, СПИДге чалдыккан балдардын беш өкүлү президенттин өзүнө кирип, маселесин айтыш үчүн сегиз күн мурда Оштон Бишкекке келишкен. Президенттин кабылдамасы аларды мамлекет башчы кабыл аларын билдирген, бирок бир нече күндөн бери ага киргизе элек. Президенттик аппарат бул айтылгандарга комментарий бере элек. Читать дальше...
Грузиянын борбору Тбилиси шаарында орус депутатынын айынан башталган нааразылык акциялары уланып жатат. Жекшембидеги митинг кечки жуук парламенттин имаратынын алдындагы Руставели проспектисинде башталды жана анда демонстранттарга күч колдонууга жол бергендерди жоопко тартуу, ички иштер министрин кызматтан алуу жөнүндө талаптар айтылды. Нааразы болгондор «Орусия - оккупант» деген сыяктуу орус бийлигин, анын президенти Владимир Путинди айыптаган жазууларды кармап турушту. Нааразылык акциялары... Читать дальше...
«Газпром Кыргызстан» биргелешкен компаниясы Бишкек шаарында салып жаткан мектептин курулушу толук бүттү. Имарат мэриянын карамагына өткөрүлгөнү турат. Ошол эле учурда ишкана мектепти пайдаланууга берүүнү Бишкек мэриясынан суранган. Бул тууралуу «Азаттыкка» компаниянын өкүлү Арзымат Алдаяров билдирди: - Буга чейинки меморандумдун негизинде Бишкек шаарына 960 орундуу мектепти бекер, кайтарымсыз шарт менен куруп берип жатабыз. Мектептин чыгымы көп болгондуктан аны кайра эле «Газпромго» убактылуу өткөрүп... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин Бишкекте өткөн биринчи жыйынында өкмөттү алтын казууга көз карандылыктын алдын алууга чакырды. Анын айтымында, Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 миллиард сомдон ашпайт. - Демек, өнөр жайынын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдүн ордун башка өндүрүштөр менен толуктоо маселеси турат, - деди ал. - Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан... Читать дальше...
Бүгүн, 24-июнь эртең менен Казакстандын түштүгүндөгү Түркестан облусунун аскер бөлүгүндөгү кампада жарылуу болду.
Таиланддын тышкы иштер министри Дон Прамудвинаи Мьянма Бангладештен Ракхайн штатына өз эрки менен кайтып келген рохинжа-мусулмандарына паспорт бериши мүмкүн деп билдирди.
Кримтөбөл, «мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, чечимди 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Буга чейин жергиликтүү басылмалар Жапар Эрматов үй камагына бошотулганын жазып... Читать дальше...
Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну жайлоодо нааразылык акциясын өткөрдү. Алар Кум-Бел жайлоосундагы Кочкор районунун малчыларынан жайытты тез арада бошотуп, көчүп кетүүнү талап кылышууда. Ал эми кочкорлуктар жайлоодо мыйзамдуу жайгашканын айтып, «кийинки жылга чейин эч кайда жылбайбыз» деп көшөрүп турушат.
Мен бүгүн ушу тапта Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жашап жаткан дабагер, жетимиштин кырындагы абабыз Сами Имрановдон уккан, чанда бир чыкчу сай күлүк Кары Боз тууралуу икаяны ортого салмакчымын.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев «Азаттыкка» билдиргендей, «Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектеп азырынча муниципалдык менчикке өткөрүлө элек. - Эгер өткөрүлүп берилсе, мектепти пайдаланууга кете турган каражат канча болсо да аны каржылоого милдеттүүбүз, - деди ал. - Ушул тапта Бишкек мэриясы шаардагы ар бир мектепти каржылоого 23 миллиондон 47 миллион сомго чейин жумшап жатат. Ошонун ичинде мугалимдердин айлыгына жана ремонт иштерине кеткен чыгымдар да бар. Буга чейин... Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов үй камагына бошотулду» деген маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» жергиликтүү басма сөздө жарыяланган маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди. Маалыматка караганда, Эрматов өткөн аптада Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына сурак бергенден кийин соттун... Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук соту 24-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карап, экөөн тең №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Экс-мэрлер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Кулматов менен Ибраимовдун тарапкерлери билдиришти. Өткөн жумада УКМКнын тергөө абагында орун жок калгандыктан, мурдагы эки мэрди Бишкектеги Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган. Читать дальше...
Тбилисиде миңдеген адамдар 20-июнь күнү өткөн нааразылык акциясында күч колдонгондорду жазалоону жана иштен алууну талап кылып чыгышты. Жекшембидеги акция саат 19га жакын Руставели проспектисинде, парламент имаратынын алдында башталды. Айрым катышуучулар Орусияны, анын президенти Владимир Путинди айыптаган баннерлерди көтөрүп чыгышты. Тбилисиде «Локомотив», «Рустави» жана «Торпедо» футбол клубдары Грузиянын 19-чемпионатында Орусиянын тышкы саясатына карата өз мамилелерин билдиришти. «Торпедо»... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.