Молдовада кош бийлик уланууда
Молдовада ыйгарым укуктарын Конституциялык сот таааныбаган жаңы коалициялык өкмөттүн түзүлүшүнөн кийинки саясий кризис уланууда.
Молдовада ыйгарым укуктарын Конституциялык сот таааныбаган жаңы коалициялык өкмөттүн түзүлүшүнөн кийинки саясий кризис уланууда.
Финалдык кармашта Кыргызстан Тажикстандын командасы менен кез келген.
13-июнда Улуттук филармонияда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында гала-концерт өттү. Концерттик программа пролог, театралдык оюн жана финал деп үчкө бөлүнгөн. Үчүнчү бөлүгүндө вокалдык-хореографиялык композиция көрсөтүлдү. Концерттин көркөм жетекчиси Султан Раев, ал эми башкы режиссеру Алтынбек Максутов. 14-июнда Бишкекте ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өтөт. (RK)
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Белдеги монумент алдында 2010-жылдагы июнь окуялары эскерилди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Жалал-Абаддагы эскерүү иш чаралары жыл сайын 13-июнда ушул жерде өтөт. Июнь коогалаңында облуста 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган.
Орусиянын президенти Владимир Путин «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голуновдун ишине байланыштуу полициянын эки генералын кызматынан бошотту. Москванын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Батыш административдик округу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Андрей Пучков жана ИИМдин Башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Девяткин кызматынан бошотулду. Мунун алдында ички иштер министри Владимир Колокольцев аларды иштен бошотууну Владимир Путинге сунуш кылган. Читать дальше...
Семнан провинциясында көмүр кени урап, эки киши мүрт кетип, бир адам жарадар болду. Аймактын губернатору Дамган Алиасгар Маж жарадар кенчинин абалы дурус экенин айтты. Азырынча кендеги кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Бул көмүр кенинде 95 адам иштейт.
БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Казакстандагы камоого байланыштуу кабатырлыгын билдирди. Уюм Астананы адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырды.
Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди. Президент Жээнбеков менен төрага Си Цзиньпиң баштаган делегациялардын жолугушуусуyнда эки өлкө ортосундагы маанилүү маселелер талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун ишине катышты. Боронов жыйында эки өлкөнүн ишкерлик алакасын азыркыдан да жакшыртыш үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын айтты: - Төрага Си Цзиньпин «Жибек жолу экономикалык алкагын» биргелешип түзүү концепциясын сунуш кылган соң, кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге чыкты. Өкмөттүк деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлик чөйрөлөрүнүн ортосунда өз ара жандуу аракеттер байкалууда. Буга байланыштуу кыргыз-кытай... Читать дальше...
Орусия президенти Владимир Путин бүгүн 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Эл аралык «Манас» аэропортунда Путинди Кыргыз президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жээнбеков Путинди Орусия күнү менен куттуктап, мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу ортодогу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болорун канааттануу менен белгиледи. Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги жыйыны... Читать дальше...
Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековго кол көтөрүп, анын кызматтык автоунаасын талкалаган тургун үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Анын билдиргенине караганда, окуя 10-июнда болгон. Шаардын жетекчиси мыйзамсыз көмүр саткан жерлерди текшериш үчүн чыккан учурда ага сатуучулардын бири сөз ыргытып, тараптар чырдаша кеткен. Тургун мэрдин кадыр-баркына доо келтирген сөздөрдү айтып, муштап жиберген. Ал... Читать дальше...
Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды нокаутка кетирип, наамын коргоп калган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен 13-июнда жолугушту. Президенттик аппарат билдиргендей, эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБдин, ЖККУнун жана ШКУнун алкагындагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Жээнбеков Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгилик каалады. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Белдеги монумент алдында 2010-жылдагы июнь окуялары эскерилди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту талдап чыга турган убактылуу депутаттык комиссиянын курамы бекитилди. Комиссияга алгач КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев жана Максатбек Эгембердиев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Талантбек Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакиров, «Кыргызстан» фракциясынан Жаныбек Исаев, Алмазбек Токторов, «Бир Бол» фракциясынан Дүйшөн Төрөкулов... Читать дальше...
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунy 19-саммити башталууда. Аймактык уюм глобалдык саясатты кандайча өзгөртөт? Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид «Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо тууралуу буйрукка кол койду. АКШнын Географиялык аталыштар боюнча кеңеши Украинанын борбор шаарынын жазылышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алды. Мурда ал Kiev болсо, мындан ары Kyiv деп жазылат.
Япониянын соода министрлиги Оман булуңунда кол салууга дуушар болгон эки танкер Японияга таандык жүктөрдү ташып бара жатканын кабарлады.
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммити башталууда. Ага катышуу үчүн Кытай, Индия, Орусия, Казакстан баштаган 11 мамлекеттин башчылары Кыргызстанга келип жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Президенттик аппарат кабарлагандай, эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу актуалдуу маселелерди кеп кылышты. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды. Сооронбай... Читать дальше...
Жапония менен Иран кызматташууларын улантат.
Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргызстанга келди. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, «Манас» эл аралык аэропортунан Лукашенкону кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Ханды вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Мунун алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани... Читать дальше...
Ирандын Хормозгон провинциясынын порттор башкармалыгынын башкы директору Али Реза Хожасте Хормозгондун деңиздеги куткаруу жана издөө борборунун кызматкерлери Оман булуңунда кырсыктаган мунай ташыган эки танкердин экипажын куткарып, Жаск портуна жеткиргенин маалымдады.
Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен тууганчылык байланышы тууралуу комментарий берди. Анарбаевдин билдирүүсүн «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы берди. «Матраимовдор мындан 20 жыл мурун менин карындашымды келин кылып алган. Алардын баш кошконуна 20 жыл толду, чоң уулу 19 жашка чыгып калды, жакшыбы-жаманбы, жашап атышат. Аларды: «Кой, мага сөз тийип атат» деп ажыраштырып жибериш керекпи? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес. Мени Матраимовдор менен байланыштырган мамиле да... Читать дальше...
Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы улуу Рамазан айында элден чогултулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты.
13-июнда айыл чарба багытындагы мыйзамдарды жана келишимдерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Ош облусунун жана Араван районунун базарларын Өзбекстандан кирген жашылча жана жер-жемиштер басып калганын, бул жергиликтүү дыйкандарды банкрот кылып жатканын айтты. - Мына, Өзбекстандын жашылча-жемиши Кыргызстанга аябай көп чыкканы үчүн Араван районундагы дыйкандар өндүргөн азык-түлүгүн сата албай калышты. Муну көзөмөлгө албайсыздарбы? Бул боюнча тез арада иш алып барыңыздар. Жерине комиссия жөнөтүңүздөр... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.