123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 23.06.2019

Грузия: нааразылыктын төртүнчү күнү

Azattyk.org 

Тбилисиде миңдеген адамдар 20-июнь күнү өткөн нааразылык акциясында күч колдонгондорду жазалоону жана иштен алууну талап кылып чыгышты. Жекшембидеги акция саат 19га жакын Руставели проспектисинде, парламент имаратынын алдында башталды. Айрым катышуучулар Орусияны, анын президенти Владимир Путинди айыптаган баннерлерди көтөрүп чыгышты.

Прагада премьерге каршы ири митинг өттү

Azattyk.org 

Чехиянын баш калаасы Прагада жүз миңдеген адамдар премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты. Уюштуруучулар Летна паркындагы акцияга 250 миң киши катышканын билдирүүдө. Бул митинг өлкөдө 1989-жылы коммунисттик бийлик кулагандан берки эң ири каршылык акциясы катары мүнөздөлүүдө. Мындай нааразылыкка Андрей Бабишке тагылып жаткан коррупция боюнча айыптар себеп болду. 64 жаштагы Бабиш өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип келет.

Прагада премьердин иштен кетишин талап кылган ири акция өттү

Azattyk.org 

Чехиянын баш калаасы Прагада жүз миңдеген адамдар премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты. Уюштуруучулар Летна паркындагы акцияга 250 миң киши катышканын билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактар азырынча ырасташа элек. Бирок жекшембидеги митинг өлкөдө 1989-жылы коммунисттик бийлик кулагандан берки эң ири каршылык акциясы катары мүнөздөлүүдө. Чех өкмөт башчысына каршы ушундай эле акция июнь айынын башында Праганын Вацлав аянтында да өтүп, ага 120 миңдей киши катышканы кабарланган. Читать дальше...



Стамбул мэрин шайлоодо кайрадан оппозиция өкүлү алдыга чыкты

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаарында жекшембиде өткөн мэр шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу добуштардын 53 пайыздан ашыгын алды. "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген АК партиянын өкүлү, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым 45 пайыздын тегерегинде добуш топтоду. Быйыл 31-марттагы мэр шайлоодо 2002-жылдан бери бул шаарды колдон чыгарбай келген АК партиянын талапкери утулуп, оппозициянын... Читать дальше...

Петербургда саясий куугунтукка каршы акцияда эки адам кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында саясий куугунтукка каршы митингдин кеминде эки катышуучусун полиция кармап кетти. Алардын биринин колунда орус президенти Владимир Путинди "узурпатор" деп атаган плакат бар экенин "Медуза" басылмасынын кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, Петербургдагы бийликтин уруксаты жок өткөрүлгөн акцияга 50дөй адам катышууда. Алардын 15ке чукулу резонанс жараткан кылмыш иштеринин фигуранттарынын сүрөттөрүн кармап турушат. Полиция аларды тарап кетүүгө чакырып, болбосо күч колдонулаарын эскертти. Читать дальше...

Киевдеги «Теңдик маршына» миңдеген адам катышты

Azattyk.org 

Украинанын баш калаасы Киевде ЛГБТ өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүш үчүн уюштурулган «Теңдик маршы» өттү. Уюштуруучулардын бири Руслана Панухник жекшембидеги иш-чарага 8 миңге чукул киши катышканын билдирди.  Бул күнү украин баш калаасында коопсуздукту сакташ үчүн жүздөгөн полиция кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын аскерлери ишке тартылды.  Киевдеги жүрүш башталганда айрым адамдар ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы жазуулары бар баннерлерди көтөрүшүп, «Уят!» деп кыйкырып турушту.  Полиция жүрүш маалында тогуз... Читать дальше...

АКШ менен Ирандын акыйнеги уланууда

Azattyk.org 

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга кайрадан эскертүү берди. Ирандын президенти Хасан Роухани болсо Вашингтонду «Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.



Эфиопия армиясынын кол башчысын өз жансакчысы атып өлтүрдү

Azattyk.org 

Эфиопия армиясынын башкы штабынын жетекчиси, генерал Сир Меконненди баш калаа Аддис-Абебада өз жансакчысы атып өлтүрдү.  Армиянын кол башчысы өлкө түндүгүндөгү Амхара аймагында өкмөткө каршы уюштурулган төңкөрүш аракетин токтотуу операциясы маалында каза тапканын премьер-министр Аби Ахмеддин кеңсеси 23-июнда билдирди.  Ишембинин кечинде Меконнен менен кошо дагы бир генералды атып өлтүргөн жансакчы камакка алынганы белгилүү болду.  Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед 22-июнда кеч менен сыналг аркылуу элге кайрылып... Читать дальше...

400дөн ашуун учкуч «Boeing» корпорациясын сотко берди

Azattyk.org 

400дөн ашуун учкуч «Boeing 737 MAX» учактарынын Индонезияда жана Эфиопияда кырсыкка себеп болгон бузук жерлери үчүн «Boeing» корпорациясын сотко берди. Эй-Би-Си агенттиги кабарлагандай, доо арыз 21-октябрда Чикаго сотунда каралат. Буга чейин учактын айрым жабдыктары маалыматты туура эмес көрсөтүп турган учурлар болгону айтылган. Быйыл март айында Эфиопиядагы кырсыкта 157 адамдын өмүрү кыйылган. 2018-жылдын октябрь айында ошол эле «Boeing 737 MAX» Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан. Читать дальше...

Атамбаевди колдоп сүйлөгөн адам куугунтукка кабылганын айтып чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын мүчөсү куугунтукка кабылганын айтууда. Фархат Баабиев 22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өткөн жыйында азыркы бийликти сындап сүйлөгөн. Ошондон кийин эскертүү бериле баштаганын ал “Азаттыкка” айтып берди. - Сыртка чыкканда эле кварталдык комитет “Анчалыкка эмнеге бардың, сени 10-бөлүмдүн балдары издеп жатат” деп чалды. Бүгүн эртең менен кайненемдин үйүнө эки бала кирип барыптыр мени издеп. Бул диктатордук куугунтуктун далили. Читать дальше...

ЕАЭБдин эсин эки кылган пенсия

Azattyk.org 

Кытайдагы түрмө чыры. Борбор Азия Кытай менен Орусиянын чеңгелинде. Кыйналган ак аюунун арманы. Батыш басма сөзүнө баяндама.

УКМК: Аймак аралык кастыкты козуткандар жазаланат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аймак аралык кастыкты козуткан жана башка чагымчыл материалдарды тараткан адамдар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыларын эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Интернеттеги социалдык түйүндөрдө ушундай мүнөздөгү чагымчыл материалдар тарап жатканы, алардын максаты өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу экени белгиленет. «Ушуга байланыштуу УКМК аймак аралык кастыкты козуткан материалдарды жасап, жайылтууга тиешеси бар... Читать дальше...

«Ош деми 2019» аттуу жарыш болуп өттү

Azattyk.org 

23-июнда Ош шаарында кыска аралыкка чуркоо боюнча «Ош деми 2019» деп аталган жарыш болуп өттү. Ага калаанын тургундарынан сырткары, коңшу облустардан жана борбордон келген 600гө чукул киши катышты. Жарышта жөө күлүктөр 3 чакырымдан 10 чакырымга чейин чуркашты. Арасында кесипкөй жөө күлүктөрдөн тартып алгачкы жолу катышып жаткан күйөрмандар да бар.  Иш-чарага чоң кишилерден сырткары 10 жашка чейинки бөбөктөр да катышты. Алар 200 метр аралыкта жарышты.  Жарыш шаардын так ортосунда жайгашкан борбордук аянттан башталып... Читать дальше...

Орусияда ондогон тажик мигранты ууланды

Azattyk.org 

Орусияда терезе, эшик чыгарган фабрикада иштеген ондогон тажик жараны ууланып, ооруканага түштү. «Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, окуя 22-июнда Москванын четиндеги Одинцово шаарчасында болгон. Жабыркаган 50дөй эмгек мигрантын ооруканага «Тез жардам» менен алып кетишкен. Алардын экөө азыр реанимацияда, абалы оор. Тажикстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмаддын айтымында, азыр 12 адам ооруканада, калгандары үйдөн дарыланып жатышат. Баштапкы маалыматка караганда... Читать дальше...

Ири бизнесмен болуу үчүн тынбай окуңуз

Azattyk.org 

"Ололо" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Данияр Аманалиев өз бизнесин он миң сом менен баштаган. Ал кандай гана болбосун бизнести ушундай чакан каражат менен баштаса болоруна ишенет. Ишкерлик, Кыргызстандын келечеги жана IT тармагы тууралуу Данияр Аманалиевдин ойлору.

24-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

24-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34; Таласта түнкүсүн 13…18... Читать дальше...


Музыкальные новости
Песня

Совместная Песня со Звездой.





Персональные новости
Динамо

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2





Финпол: Чет жактан Матраимовго катталган мүлк тапкан жокпуз

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) чет өлкөлөрдөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго катталган мүлк таба алган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финполициянын башчысы Бакир Таиров билдирди: - Чет өлкөдөн мүлкү табылган жок. Тиешелүү кызмат бар. Биз ошого жөнөтөбүз, алар жообун айтат. Азыр тергөөнүн купуялыгы деген бар. Тергөө бүткөндөн кийин баарын коомчулукка ачык жарыялайбыз. 2018-жылдын декабрында жыл... Читать дальше...

Стамбулда кайрадан мэр шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Стамбулда бүгүн, 23-июнда кайрадан мэр шайлоо өтүп жатат.  Талапкерлер 20 чакты адам, бирок негизги күрөш мурдагы өкмөт башчы, президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген АК партиянын өкүлү Бинали Йылдырым менен оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын өкүлү Экрем Имамоглунун ортосунда жүрүүдө. Соңку сурамжылоолорго караганда, оппозициянын талапкери атаандашынан 9% озуп чыгышы мүмкүн. Эгер ошондой болсо АК партия 2002-жылдан бери алгачкы жолу Стамбулду башкаруу укугун алдырып коет. Азыркы президент... Читать дальше...

Апта: Атамбаевди тооруган сур булут

Azattyk.org 

Узаган жумадагы негизги саясий окуяларда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын эң ишенимдүү адамдарынын, анын тушунда жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштегендердин аты аталды.

АКШ Иранга кибер чабуул койгону кабарланды

Azattyk.org 

Америкалык маалымат агенттиктери Кошмо Штаттар 20-июнда Иран америкалык дронду атып түшүргөндөн бир нече саат өткөндөн кийин бул өлкөнүн аскердик компьютердик системаларына каршы кибер чабуул баштаганын жазып жатышат. «The Washington Post» басылмасы мындай аракеттер АКШнын президенти Дональд Трамптын уруксаты менен жасалганын билдирди. Пентагон бул маалыматтардын чын-төгүнүн азырынча айта элек. Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга сокку уруу буйругун бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун... Читать дальше...

Эт жана курт-кумурска жечү өсүмдүк

Azattyk.org 

Канадада кескелдирик жечү өсүмдүк табылды. Лингивисттер кытай-тибет тилдеринин түркүмү 7000 жыл мурда пайда болгон дешет. Робот-автокөлүк Швецияда жүк ташый баштады. Чыгармачыл адамдардын мээсинин ойлонуу өзгөчөлүгү аныкталды.

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Результативность, вовлечённость, трудоголизм — где грань? Книга от автора российской модели факторов вовлечённости персонала.





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

«Это не бомжовые заведения»: 72-летний Александр Розенбаум зарабатывает миллионы на пивном бизнесе



Москва

Высланный митрополит призвал эстонские приходы оставаться верными Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net