Мыйзамсыз иштерге каршы күрөш мыйзамдуубу?
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы соңку камоолор, бир катар сот иштеринин жүрүшү жана бул жараяндардын алкагында укук коргоо органдарынын кыймыл-аракетин талкууладык.
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы соңку камоолор, бир катар сот иштеринин жүрүшү жана бул жараяндардын алкагында укук коргоо органдарынын кыймыл-аракетин талкууладык.
Чүйдүн Сокулук районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, коомдук туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. "5-июнда үч өспүрүмдүн ортосунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат тастыкталды. Экөө 15 жаштагы балага кол көтөрүшкөн. Ал ооруканага жеткирилди. Факт "Ээнбаштык" беренеси боюнча Бирдиктүү реестрге катталды. 23 жана 15 жаштагы эки бала шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Читать дальше...
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту Салянованын бөгөт чарасын караган отурумда кабыл алды. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушуна байланыштуу «коррупцияга» айыпталып жатат. Салянованын тарапташтары анын камакка алынышына нааразы болуп, соттун чечимин «саясий буйрук» деп баалашты.
5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мушташ чыкты. Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган.
Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында кармалгандардын туугандары Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына чогулууда. Болжол менен 30дай адам барды. Бүгүн айылда өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, эки бала ооруканага түшкөн. Окуя Кылмыштар жана жоруктар реестрине "Ээнбаштык" беренеси боюнча катталып, эки адам шектүү катары милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды, алардын бири 15те, экинчиси 23тө. Мындан тышкары 31 адам шектүү катары райондук милициянын имаратында кармалып турат. Читать дальше...
Сокулуктун Жаңы-Жердеги окуя боюнча ушу тапта айылда жыйын өткөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Дүйшөнов билдирди: - Майда балдар бири-бири менен таарыныша кетиптир. Андай деле мушташ эмес. Эл менен түшүндүрүү ишин жүргүздүк. 40-50дөй киши чыкты көчөгө. Азыр тарап кетишти. Жабыркагандар жок. Улут аралык эч нерсе жок. Азыр чогулушка киргени жатабыз. Медреседе өтөт чогулуш. Ороктогу окуяга эч байланышы жок. Дүйшөновдун айтымында, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө беш айыл карайт, эли 1792 түтүн. Читать дальше...
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушу тапта Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатат. “Азаттык” аны менен телефондон байланышып, төмөнкүдөй маалымат алды: - Бул жакта, Жаңы-Жерде баары көзөмөлдө. Баары тынч. Жаш балдардын инциденти болуп кеткен экен. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүн, 5-июнда Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында да өспүрүмдөр арасында жаңжал чыгып, эки бала ооруканага түштү, алардын абалы туруктуу экенин доктурлар айтууда. Читать дальше...
Чүйдүн Төмөнкү Орок айылындагы окуядан жабыркаган эки бала Бишкектин №3 балдар ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бир бала ыкчам терапия палатасында, экинчиси нейрохирургия бөлүмүндө. Экөөнүн тең абалын дарыгерлер туруктуу деп баалоодо. Бүгүн, 5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кетип, мушташ чыккан. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү... Читать дальше...
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Москвага келди. Анын бул сапарын айрым талдоочулар эки тараптуу кызматташтыктын жаңы дооруна чыйыр салат деп мүнөздөшүүдө. Украинада эки полиция кызматкери мас болуп алып, беш жаштагы баланы атып салган деп шектелүүдө. Орусиянын Калининград облустук бийлигинин чечими менен мечит бузулду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский «украин эли эгемен улут катары каалаган альянсты тандоого укугу бар» деп билдирди. Бул тууралуу Зеленский «Азаттык» менен болгон маегинде айтты. - Украинанын ар бир жаранына НАТО эмне экенин, бул айтылып жүргөндөй коркунучтуу болбогонун айтышыбыз керек. Украиналыктар даяр болгондо биз бул маселени референдумга алып чыгабыз жана Украина НАТОго сөзсүз мүчө болот, - деп айтты Зеленский. Украинанын жаңы президенти ушул күндөрү Брюсселде жүрөт. Ал Европа Биримдигинин... Читать дальше...
Суданда демонстранттардын лагериндеги кагылышууда өлгөндөрдүн саны жүзгө жетти. Бул тууралуу дарыгерлерге шилтеме жасап, Би-Би-Си кабарлады. Кырк адамдын сөөгү Нил дарыясынан табылганы айтылууда. Азыр Суданды он адамдан турган Жогорку аскердик кеңеш башкарууда. Аскерлер жана оппозиция өкүлдөрү бир нече жумадан бери өлкөнү өткөөл мезгилде ким башкарышы керек деген маселеде орток пикир таба албай жатышат. Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок Тегеранга каршы аскердик иш-аракеттер болушу мүмкүн экенин четке какпай турганын айтты: «Иран – бул мен бийликке келгенде кастык курчуп турган өлкө болчу. Ал маалда Иран дүйнөдөгү номур биринчи террордук өлкө болчу. Балким азыр деле ошондой бойдон турат». «Аскердик иш-аракеттер зарыл болушу мүмкүнбү?» деген суроого Дональд Трамп: «Мен муну каалаймбы? Жок. Бирок ошондой болушу дайыма ыктымал», - деп жооп кайтарды. Дональд Трамптан... Читать дальше...
26-июнга чейин камакка алынган Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова анын бөгөт чарасы каралган сот отуруму боюнча айтып берди. Жактоочу бул отурумда Салянова эч кандай далили жок көрсөтмө үчүн камакка алынганын сындады. «№1 СИЗОго камалганы туура эмес. Мындай деңгээлдеги адамды камабаш керек болчу. Тергөөнүн «ал качып кетет жана күбөлөргө басым көрсөтөт» дегени туура эмес. Ал тергөөдөн качпайт жана күбөлөргө басым көрсөткүдөй жогорку кызматта турган жок. Азыр «Коррупция» беренеси баарына эле колдонулуп калды. Читать дальше...
Чүйдүн Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында массалык мушташ чыкты.
Бүгүн 5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында болгон окуядан жабыркаган өспүрүм азыр ооруканада, абалы туруктуу. Бул тууралуу облустук милиция кабарлоодо. Мекеменин маалыматына караганда, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган. Ал ооруканага жеткирилген. Абалы азыр туруктуу. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды. «Эки адам дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакка алынды. Ал жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген эмес. Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары соттун имаратынын алдында турушкан. Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып... Читать дальше...
Мурдагы башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу камакка алынган.
Кино режиссер Актан Арым Кубат өзү төрөлгөн Сокулук районундагы Күн-Туу айылында фильм тартуунун машакатын чагылдырган көргөзмө ачты. Анда өзүнүн жана режиссер уулу Мирлан Абдыкалыков тарткан кинотасмаларда реквизит катары колдонулган буюмдарды, жасалгаларды жана алган сыйлыктарды экспонат катары коюлган. Короосунда жайгашкан көргөзмөдөн режиссердун ата конушунун тарыхын, элеттик үй-бүлөнүн жай чарбасын, андан кийин ата-бала режиссерлордун тасмаларынын жаралуу тарыхын баяндаган буюм-тайымдар орун алган. Читать дальше...
Сокулук районундагы Орок айылында жарандар ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев маалымдады. Анын айтымында, аталган айылда балдар мушташа кетип, арты чырга айланган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Милиция чыр-чатакта улут аралык жаңжал жок экенин белгилейт. Kaktus Media Интернет сайтынын түз эфиринде Орок айылында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү баш болуп жүргөнүн көрүүгө болот. Читать дальше...
Миң-Булак айылында түзүлгөн коомдук кеңештин мүчөлөрү менен кошо өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган тиешелүү кызматтын жетекчилери «Jhong ji Mining company» компаниясынын ишин жеринде көрүп келишти. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Солтон-Сары кенинде буга чейинки айтылып келген таза суу, техникалык коопсуздук, тазалык сыяктуу маселелер менен жерине барып таанышып, алтын иштетүүчү компанияга бул жагдайларды жөнгө салууга убакыт берилди. Читать дальше...
Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен кагылышууда үч жоокер набыт болуп, бери дегенде үчөө жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги билдирди. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, жикчилдер пулемёт менен аткалап, танкка каршы ракеталарды, снайпердик куралдарды жана гранатомётторду колдонгон. «Жикчилдер элдешүү эрежесин 24 сааттын ичинде 16 жолу бузду» деп билдирди министрлик. Украинанын куралдуу күчтөрү бери дегенде бир жикчилди өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылганы кабарланды. Читать дальше...
Америкалык «Freedom House» өкмөттүк эмес уюму дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору авторитардык режимдерде сөз эркиндиги менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары пайда болуп жатканын белгилешет. Орусияда «Телеграмм» мессенжерине бөгөт коюу аракети байкалган. «Бийлик каршылык көрсөткөндөрдүн оозун басуу аракетин улантууда. Себеби алардын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы үстөмдүгүн жок кылуу аракети көп мыйзам бузууну ачык көрсөтүп коюшу ыктымал. Орусиялыктардын... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып жатат. Ал жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок. Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары соттун имаратынын алдында турушат. Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген жок. Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Айт майрамынын алдында түрмөдө отурган адамдарга мунапыс берди. Президенттин буйругуна ылайык, жазасын өтөп жаткан 361 адам эркиндикке чыгат, дагы 214 соттолуучунун жаза мөөнөтү кыскарат. Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан улуу жети адам, алты аял жана бир чет өлкөлүк бар. 2016-жылы сентябрда Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин бийликке келген Мирзиёев буга чейин мунапыс бере элек болчу. Өзбекстан Борбор Азияда калкынын саны боюнча сап башында турат. Читать дальше...
Кыргыз киносунда коркунучтуу тасма жанрын өнүктүрүүнү көздөгөн режиссерлор бар. Алар кино күйөрмандарынын арасында мындай тасмаларды көргүсү келгендердин катары калың экенине ишенишет.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.