Роухани: Иран өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткарууну токтотот
Эгерде 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимге кол койгон башка мамлекеттер "позитивдүү белги" көрсөтпөсө, Иран өзүнүн милдеттерин аткаруудан баш тартууну улантат. Бул тууралуу Роухани 15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинде билдирди. Роухани Иран кайсы милдеттерин аткаруудан баш тарта турганын, кандай "позитивдүү белгилерди" күтүп жатканын тактаган жок. Ал өз өлкөсү "2015-жылдагы өзөктүк келишим боюнча милдеттеринин айрымдарын аткарууну токтотууну чечти" деп айтты. Читать дальше...