123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 06.06.2019

Ороктуктар ынтымакты бекемдейт

Azattyk.org 

Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында болгон окуядан кийин чогулган эл 6-июнда ынтымак менен тарады. Тургундар окуяны талкуулаган жыйын куруп, мындан ары ар кандай пикир келишпестиктерди ырбатпай, сабырдуулук менен чечүү жана биримдикти бекемдөө чечимине келишти. Жыйынга Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы, облустук бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү коомдор менен аксакалдар катышты.

Литва парламенти крым татарларын депортациялоону геноцид деп тааныды

Azattyk.org 

6-июнда Литванын парламенти 1944-жылдагы крым татарларын депортациялоону геноцид деп тааныды. 79 депутаттын 77си макул деп добуш берди, «каршы» болгондор чыккан жок. 1944-жылы 18-майда башкы командачы Иосиф Сталиндин буйругу менен крым татарлары Крымдан күчтөп чыгарылган. Мунун алдында жарым аралдан немистерди жана италиялыктарды, андан соң крым татарларын – армяндарды, болгарларды жана гректерди депортациялашкан. Советтер Союзунда «депортациялоого крым татарлары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында... Читать дальше...

Орусия АКШ менен түзүлгөн келишимден баш тартышы мүмкүн

Azattyk.org 

Эгерде АКШ Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жана чектөө тууралуу келишимди узартууга кызыкдар болбосо, анда Орусия да бул келишимден баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда билдирди. «Эгерде эч ким бул келишимди узарткысы келбесе, анда биз да муну жасабайбыз. "Биз даярбыз" деп жүз жолу айттык, бирок эч ким биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. 2021-жылы бул келишимдин мөөнөтү бүтөт», деди Путин. Стратегиялык... Читать дальше...



Нарындыктарды сызга отургузган «Five Winds»

Azattyk.org 

Финансы полициясы Нарын шаарынын тургунун 24-майда «каржы пирамидасын уюштурган» деп кыргыз-казак чек арасынан кармап келди. Бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү эки айга камакка алынды.

Жүз миңден ашуун мигрант мунапыска илинди

Azattyk.org 

Нормандияда Батыш Европаны нацисттерден бошотууга салым кошкон операциянын 75 жылдыгы белгиленип жатат. 105 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысына илинди. Чернобыль Атомдук станциясында мындан 33 жыл мурда болгон апаат тууралуу баяндаган сериал чыкканы, ал жайга зыяратка барууну каалаган туристтердин саны кескин өстү.

Илимдүү кыздар өргө тартат

Azattyk.org 

Улуттук экономикаcынын бирден бир бөлүгүн четтеги мигранттар жөнөткөн акчанын эсебинен толтурган Кыргызстандын мамлекеттик жогорку бийлигинде аялдар дээрлик жок. Анткен менен кыз-келиндер инновациялык технологияларды, илимди-билимди өздөштүрүп, өз мекенин алга сүрөп, өнүктүрүүгө салым кошуп келет. “Биз жана дүйнө” берүүсүнүн каармандары - жалпыга өрнөк болгон кыргызстандык кыздар.

Өкмөт өкүлүнүн өкүндүргөн жоругу

Azattyk.org 

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимовдун журналистке кылган мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.



ТИМ элчинин үстүнөн Түркияга нота тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Женгиз Камил Фырат өзү 6-июнда Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Нотада 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин... Читать дальше...

Гүлзада: Музыка улут ынтымагын чыңдайт

Azattyk.org 

Түркиянын Ван аймагында жашап жаткан кыргыздар түптөгөн «Ата-Журт» этно-комплекси, кыргыз тилинен өксүгөн окуучу балдар, айылды коргогон аскерлер жана күрд-кыргыз достук фестивалы тууралуу жакында Ван аймагында болгон ырчы Гүлзада Рыскулова айтып берди.

7-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин кабарлаганы боюнча, Кыргызстанда 7-июнда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын айрым райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Күндүз тоо этектеринде жамгыр, мөндүр жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Жалал-Абадда аттракциондон кулап түшкөн кыздын абалы туруктуу

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багындагы аттракциондо ойноп жатып жерге кулап түшкөн 14 жаштагы кыздын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу маалымат өспүрүм дарыланып жаткан Жалал-Абад облустук облустук клиникалык ооруканасынан алынды.  Маалыматка караганда, Сузак районунан апасы менен паркка келген окуучу кыз 7 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Жабыркаган кыз аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын мээси чайкалып, оң билегинин сөөгү жабыркаган жана денеси сыйрылган. Дарыгерлер мээсине операция жасап... Читать дальше...

Кремль: Суданга тыштан кийлигишүү болбошу керек

Azattyk.org 

Орусия Судандагы саясий кризисти жөнгө салыш үчүн диалог жана мунаса керек деп эсептейт. 6-июнда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Богданов Судан «экстремисттер» менен күрөшүшү керек экенин айтты. - Албетте, тартип орнотуш үчүн силер кырдаалды турукташтырууну каалабаган экстремисттер жана чагымчыл күчтөр менен күрөшүшүңөр керек, - деди ал. Богданов кайсы күчтөрдү экстремисттер жана чагымчылдар деп мүнөздөп жатканын тактаган жок. «Биз кырдаал мунасанын негизинде улуттук диалогдун алкагында жөнгө салынышы керек деп эсептейбиз. Читать дальше...

Босниянын борбор шаары Сараеводо жалпы көрүстөн табылды

Azattyk.org 

Сараевонун четинде табылган көрүстөндө 1992-95-жылдары жарандык согуш убагында өлтүрүлгөн босниялык мусулмандардын сөөгү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Босниянын прокуратурасынын сайтында чыккан билдирүүдө айтылат. «Талаадагы шек жараткан жерди текшерип жаткан маалда бир метр тереңдиктеги жерден адамдын сөөктөрү чыкты», - деп айтылат билдирүүдө. Прокуратура өкүлдөрүнүн божомолу боюнча, бул ушул райондо жашап, 1992-жылы дайынсыз жоголгон босниялыктардын сөөктөрү болушу ыктымал. 1992-жылдагы жарандык согушта 100 миңге жакын адам кырылган... Читать дальше...

Ассамблея: Төмөнкү Орокто чогулгандар бир нече шарт коюп тарады

Azattyk.org 

Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында эки тараптан тең мыйзам бузгандар жооп бериши керек. Ушундай шарт менен эл тарай баштаганын айылга барып, тургундар менен жолугушкандан кийин 6-июнда Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди: - Түрк туугандар да, кыргыздар да келишти. 15 чакты үйгө таш ыргытылган экен, ошол чыгымды ким келтирсе, ордун толтуруп бермей болду. «Ал эми бейбаштык кылган балдар мыйзам боюнча жооп бериши керек» дешти. Аны жашырып койгон болбойт. Жолугушууга... Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт в честь Сергея Рахманинова прошел в Воскресенске





Персональные новости
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)





Орус президенти кайрадан Рим папасы менен жолугушат

Azattyk.org 

Рим папасы Франциск Орусиянын президенти Владимир Путинди 4-июлда Ватиканда кабыл алат. Бул тууралуу Рим папасынын басма сөз катчысы Алессандро Жизоттиге шилтеме кылып AFP агенттиги кабарлады. Мунун алдында Кремль Путин Италияга мамлекеттик сапар менен барарын айтканы менен, сапардын күнү белгилүү эмес болчу. Соңку төрт жылдын ичинде бул Путиндин Рим папасы менен экинчи жолугушуусу болот. 2015-жылдын 10-июнундагы алгачкы жолугушууга Путин салтка айланып калгандай эле бир саатка кечигип келген. Читать дальше...

Германия: 85 адамды өлтүргөн санитар өмүр бою эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Ольденбург шаарынын соту мурдагы санитар Нилс Хёгелди өмүр бою эркинен ажыратты. Хёгел 2000-2005-жылдары эки ооруканада 85 адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды. Хёгел сотто бейтаптардын жакындарынан жана досторунан кечирим сурады. 42 жаштагы санитар Ольденбург жана Демменхорст шаарларындагы ооруканаларда иштеген. Ал оорулуу адамдарды өлтүрүп жатканы тууралуу шектенүү 2005-жылы жайында пайда болгон: клиниканын кызматкерлеринин бири Хёгел оорулууга өтө көп дары берип жатканын байкап калган. ... Читать дальше...

Төмөнкү Орокто чогулгандар тарай баштады

Azattyk.org 

Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында чогулган эл тарай баштады. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, кармалган баланын атасы чогулгандардан кечирим сурап, кол алышты.  Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 31 адам кармалып, кайра кое берилди, дагы бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Ушул эле күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Читать дальше...

Аталар декретке чыккандан уялбашы керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир нече жылдан бери эмгектенип келген эки балалуу Симоне Бонески балдары төрөлгөндө декретке (өргүүгө) чыккан тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын артыкчылыктарын тизмектеп берди.

Кудрин: Орусиядан капиталдын чыгышы 40 млрд. долларга жетти

Azattyk.org 

Орусиянын Эсеп палатасынын башчысы Алексей Кудрин америкалык ишкер Майкл Калвинин камакка алынышына байланышкан кырдаалды «экономика үчүн шок» деп баалады. Бул тууралуу Орусиянын мурдагы финансы министри Кудрин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда айтты. Кудрин Орусиядан капиталдын агылып кетиши эки эсе көбөйгөнүн жана жыл башынан бери 40 млрд. долларга жеткенин белгиледи. Кудрин айткан маалыматты буга чейин Орусиянын Борбордук банкы да тастыктаган. Борбордук банктын маалыматы боюнча... Читать дальше...

Ысык-Көлдө муздаткычта каза болуп калган эки баланын өлүмү иликтенип жатат

Azattyk.org 

Түп районундагы Михайловка айылында муздаткычтын ичинде каза болуп калган 6 жана 4 жаштагы эки баланын өлүмү боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, окуя 3-июнь күнү болгон. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки наристе ойноп жүрүп эски муздаткычтын ичине түшүп алган. Жабдуу ичинен ачылбагандыктан балдар камалып, думугуп калышкан. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенсорный сад с экотропами появится в Бутырском районе Москвы





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

VII Всебелорусское народное собрание: основные заявления Александра Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Розенбаум высказался о пластических операциях



Москва

Посол ЦАР обсудил возможность обучения студентов страны в Подмосковье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net