123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 02.06.2019

Швециянын соту Ассанждын бөгөт чарасын аныктоо боюнча ишти карайт

Azattyk.org 

Швед соту учурда Британиядагы абакта жаткан «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды камакка алуу тууралуу ишти 3-июнда карайт. Швед прокурорлору 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча Ассанжды камакка алуу тууралуу өтүнүч менен Уппсала шаарынын сотуна кайрылды. Прокурорлордун айтымында, эгер сот өтүнүчтү канааттандырса, Жулиан Ассанжды камакка алуу тууралуу европалык ордер берет жана аны Швецияга экстрадиция кылууну суранат. Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып... Читать дальше...

Йенс Столтенберг Түндүк Македонияга барды

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 2-июнда эки күндүк сапар менен уюмга мүчө болууга далалат кылып жаткан Түндүк Македонияга барды. Ошондой эле Скопьеге Түндүк альянстын кеңешинин элчилери да келгени маалым болду. Сапардын алкагында алар Түндүк Македонияда жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулайт. Мурдагы Югославиянын курамында болгон бул өлкө Түндүк альянстын 30-мүчөсү болууга далалат кылып жатат. Бул үчүн НАТОнун 29 мүчөсү тең макулдугун бериши керек. Ушул күнгө чейин 13 мамлекет Түндүк... Читать дальше...

Кабулда үч жардыруу болуп, эки адам каза тапты

Azattyk.org 

2-июнда Ооганстандын борбору -  Кабулда үч жерде жардыруу болуп, андан эки адам каза тапса, дагы 24 киши ар түрдүү жаракат алды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Насрат Рахими маалымдагандай, согушкерлер Кабул билим берүү университетинин кызматкерлери бара жаткан автобусту бутага алган. Андан 20 мүнөт өткөндөн кийин ушул эле райондо эки жардыруу болгон. Рахими жаракат алгандардын арасында беш полиция кызматкери бар экенин кошумчалады. Ошондой эле жарылуудан дагы эки журналист жарадар болгон. Читать дальше...



БУУнун соту Украинанын Орусияга каршы доо арызын карайт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы Эл аралык соту Киевдин Орусия Террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү жана Расалык кемсинтүүгө жол бербөө жөнүндөгү конвенцияларды бузуп жатканы тууралуу доо арызынын негизинде ишти 3-7-июнь күндөрү карамай болду. Ишти кароо Гаага сотунун расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлөт. 2017-жылы Украина БУУнун Эл аралык сотуна Орусияга каршы доо арыз менен кайрылган. Анда Орусия терроризмди колдоп жана каржылап, ошондой эле расалык кемсинтүүгө жол берип жатканы белгиленген. Читать дальше...

Түркияга кирген кыргызстандыктар 40 пайызга азайды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда 2019-жылдын биринчи төрт айында Түркиянын Стамбул шаарындагы аэрпортторунан өлкөгө кирген кыргызстандыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга (36 миңге жакын) азайган.  Түркияга эң көп келген чет өлкөлүктөрдүн тизмесинде Германиянын, Ирандын жана Орусиянын жарандары басымдуулук кылат.  Кыргызстандыктар Түркияга Бишкек-Стамбул авиакаттамы аркылуу келишет. «Түрк аба жолдору» компаниясы 2012-жылы, 19-июлда Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттамын баштаган. Читать дальше...

Помпео: Иран менен шарт койбой сүйлөшүүгө даярбыз

Azattyk.org 

АКШ Иран менен алдын-ала шарт койбой туруп сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Бирок Помпео бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керек экенин айтты. АКШнын мамлекеттик катчысы жекшембиде Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис менен жолукту. Жолугушууда талкууланган негизги темалардын бири Иран менен мамиле болду. Майк Помпеонун бул билдирүүсү Ирандын президенти Хасан Роуханинин «эгер АКШ расмий Тегеренга карата... Читать дальше...

Тууган барда жакшы

Azattyk.org 

Канболот Бердикеевдин чыгармаларында айыл турмушу, болгондо да чарба малынын түйшүгүнө кайыл элеттиктердин жашоо-тирдиги сүрөттөлөт.

Израил Сирияга абадан сокку урду

Azattyk.org 

Израилдин аскер-аба күчтөрү жекшембиге караган түнү Сириянын түштүк-батышындагы Кунейтра провинциясында бир катар обьектилерге абадан сокко урушту. Анын жыйынтыгында каза болгондор бар экени кабарланууда. Ракетадан соккулар жөнүндө маалыматты Израилдин армиясы ырастады. Ал Сириянын аймагынан кое берилген ракетага жооп иретинде ушундай кадамга барганын түшүндүрүүдө. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сокку урууга өзү буйрук бергенин билдирип, Тел-Авив катылганга күч менен жооп кайтарарын белгиледи. Читать дальше...



АКШга виза алуунун шарты татаалдашты

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти өз өлкөсүнө виза алуунун жаңы шарттарын иштеп чыкты. Эми Кошмо Штаттарга виза алгысы келген адам социалдык тармактардагы аккаунттарын көрсөтүп, акыркы беш жылдагы телефон номерлерин айтышы керек. Мамдепартамент өкүлдөрү мындай чара «террорчуларды жана башка кооптуу адамдарды аныкташ үчүн» киргизилип жатканын түшүндүрдү. Виза алыш үчүн кайрылган адам социалдык тармактарда катталбаганы жөнүндө маалымат берүүгө укугу бар. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө бул жалган болуп чыкса, анын «кесепети» болору эскертилди. Читать дальше...

Паспортту Кыргызстанда жасоо боюнча мыйзам долбоору талкууга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунун жана айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын өлкө ичинде даярдоого мүмкүнчүлүк берүүнү караштырган мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кабарлады. Анын айтымында, «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдын буга чейинки редакциясында Кыргызстандагы мамлекеттик «Учкун» жана башка басмаканалар паспорт жана айдоочулук күбөлүккө бланк даярдоо боюнча тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: 2-5-июндарда туруксуз аба ырайы күтүлөт. 2-3-июндарда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июндарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Аба ырайы:  3-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;  Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27​;  Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;  Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;  Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз... Читать дальше...

Германия: Шайлоодо Европарламентте аз добуш алган партия лидери кызматтан кетти

Azattyk.org 

Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Андреа Налес кызматтан кетерин жарыялады. Буга ал өзү төрагалык кылган партия Европарламенттин депутаттарын шайлоодо начар жыйынтык көрсөткөнү себеп болду. Социал-демократиялык партия Германиянын канцлери Ангела Меркел башкарган христиан-демократтар менен бирге коалициялык өкмөт түзгөн эле. Өткөн жумадагы Европарламентке шайлоодо германиялык социал-демократтар үчүнчү орунду ээлешкен. Аларга караганда көбүрөөк добушту Меркел жетектеген христан-демократтар жана Жашылдар партиясы алган эле. Читать дальше...

Жакырчылыкта жашаган балдардын теңинен көбү жөлөкпул албайт

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда 780 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын 302 миңи мамлекеттик жөлөкпул алат. Жөлөкпулдун өлчөмү 900 сомдун тегерегинде. Эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров өлкө бюджетинин 8,9 пайызы социалдык төлөмдөргө багытталгандыктан, жакырчылыктагы балдардын баарына жөлөкпул берүүгө мамлекеттин акчасы жетпей жатканын «Азаттыкка» билдирген болчу. Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта... Читать дальше...

Окумуштуу Асел Сартбаева химия боюнча эл аралык сыйлыкка татыды

Azattyk.org 

Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева химия боюнча Хансон атындагы медалга татыктуу болду. Эл аралык экстракциялык химия жана технология комитети тапшырган бул медал окумуштуулар арасындагы кадыр-барктуу сыйлык деп эсептелет. Асел Сартбаева бул сыйлыкты «Вакциналар: Кансыз согуштун аякташы» деген эмгеги үчүн алган. Анда окумуштуу вакциналарды кантип жөнөкөй шартта кармоонун жолун сунуш кылган. Кыргызстанда туулуп өскөн Сартбаева учурда Британияда жашайт. Ал Бата университетинин профессору. (BkA)

Багы ачылбаган кыргыз хоккейи

Azattyk.org 

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Мындай мүмкүнчүлүктү кыргыз хоккейчилерине Эл аралык хоккей федерациясы тартуулады.

Түркмөнстанда азык-түлүккө кезек сакталууда

Azattyk.org 

Түркмөнстанда ушул күндөрү шекер, күрүч жана өсүмдүк майын саткан мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына адамдардын узун кезектери пайда болду. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысынын маалыматы боюнча 100дөн ашык адам кезек күткөн учурлар бар.  - Алардын арасында жаш баласын жетелеген аялдарды, кары-картаңдарды, өспүрүмдөрдү көрүүгө болот. Алар кезекке таң эртеден эле туруп жатышат. Шекер, күрүч жана өсүмдүк майы дүкөндөрдүн арткы «ууру эшиктери» аркылуу сатылып жатат, - деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы. Читать дальше...

Миллиондордун айланган изи

Azattyk.org 

Шек жараткан миллиондор боюнча акыркы жагдай “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Программабызга Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Сейтек Чалбаев, экономикалык эксперт Руслан Акматбек, юрист Клара Сооронкулова талкуу жараткан иликтөөнү даярдаган “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов катышты.

Чабандестин чаалыкпаган ышкысы

Azattyk.org 

Өмөр Орозбаев Чаткалдын Кызыл-Токой айылында жашайт. Турмуштун ачуусун да, таттуусун да татып, ушу тапта 81 жаштын чайын ичип отурган кези.


Музыкальные новости
Ольга Бузова

«ТНТ, где мой дом?» Ольга Бузова потребовала главный приз реалити-шоу «Дом-2» в программе «УТРО. ТНТ»





Персональные новости
Желдорреммаш

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли традиционные весенние общезаводские субботники





Жаш көрүүчүлөр театры эл аралык фестивалга катышууда

Azattyk.org 

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры ушул күндөрдө Татарстан мамлекетинин Казан шаарында өтүп жаткан «Нооруз» эл аралык театр фестивалына катышып жатат. Кыргыз өнөрпоздору 2-июнда Тинчурин театрында калыстар тобуна түрк драматургу Тунжер Дүженоглунун «Көчкү» спектаклин көрсөтөт. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу кабарлады. Алгач жаш көрүүчүлөр театры 28-майда Башкортостан өлкөсүнө сапар алып, Уфа шаарында болуп өткөн «Туганлык-2019» эл аралык театр фестивалына катышкан. Читать дальше...

Кытай министри: Тяньаньмэнь аянтында туура күч колдонулган

Azattyk.org 

Кытайдын коргоо министри 1980-жылы Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демонстрацияларды күч менен басышы туура саясат болгонун билдирди. - Бул саясий олку-солку учур болчу. Борбордук бийлик олку-солкулукту токтотуу боюнча кабыл алган чаралары туура саясат болгон, - деди министр Вэй Фенхе Сингапурда өткөн коопсуздук боюнча форумда сүйлөп жатып. Министр Тяньаньмэнь аянтында болгон окуялардан бери Кытай көптөгөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөнүн, мунун баары борбордук бийликтин туруктуулукту сактоо аракетинин аркасында болуп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Дзержинскидеги жарылуудан жабыркагандар 79 кишиге жетти

Azattyk.org 

Орусиянын Дзержинск шаарындагы «Кристалл» илим изилдөө институтундагы жарылуудан жабыркагандардын саны 79 адамга жетти. Анын ичинен 15 киши ооруканага жаткырылып, абалы оор болгондору бар экени кабарланды. Жарылуу институттун тротил өндүргөн цехинде болгон. Андан өрт чыгып, бир нече саат бою өчүрүлбөй турду.  Жарылуудан улам өндүрүштүк мекемеге жакын жайгашкан ондогон имараттардын терезелери күбүлүп түшкөн. Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн кылмыш... Читать дальше...

Казакстан Сириядагы 200дөн ашык жаранын алып келди

Azattyk.org 

Казакстан Сириядагы согуш аймактарынан дагы 171 жаш баланы жана 67 аялды мекенине кайтарып келди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, 28-31-май аралыгында өткөн «Жусан» гуманитардык операциясынын алкагында мекенине кайтарылган жарандар учурда атайын адаптациялык борборго жайгаштырылды. Ушуну менен казак бийлиги Сириядан 357 жаранын Казакстанга алып келди. Буга чейин мындай операция эки жолу ишке ашкан эле. Ушул аптада Өзбекстан Жакынкы Чыгыштагы... Читать дальше...

Кыргызстанда уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Радиоактивдүү элементтерди, анын ичинде уранды геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, мындай чечим Жогорку Кеңештин буга чейинки «Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу максатында кабыл алынды. Бул буйрук радиоактивдүү элементтердин калдык сактоочу жайларын... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудник ОМОН «Крепость» стал бронзовым призером на соревнованиях Центрального округа Росгвардии по боксу


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина приблизилась к первой ракетке мира


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Результативность, вовлечённость, трудоголизм — где грань? Книга от автора российской модели факторов вовлечённости персонала.





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленскому предложили не ограничиваться Бандерой и захоронить на капище под Киевом молекулы Гитлера


Навальный в России и мире
Москва

Проводивший панихиду по Навальному* священник запрещен в служении



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Модест Мусоргский жил и творил в уникальном месте – Валерий Гергиев



Москва

ТАСС: Замминистра обороны Тимура Иванова поместили на карантин в СИЗО

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net