«Газпром» Бишкекте салган мектепти өзү пайдалангысы келерин билдирди
«Газпром Кыргызстан» биргелешкен компаниясы Бишкек шаарында салып жаткан мектептин курулушу толук бүттү. Имарат мэриянын карамагына өткөрүлгөнү турат.
Ошол эле учурда ишкана мектепти пайдаланууга берүүнү Бишкек мэриясынан суранган. Бул тууралуу «Азаттыкка» компаниянын өкүлү Арзымат Алдаяров билдирди:
- Буга чейинки меморандумдун негизинде Бишкек шаарына 960 орундуу мектепти бекер, кайтарымсыз шарт менен куруп берип жатабыз. Мектептин чыгымы көп болгондуктан аны кайра эле «Газпромго» убактылуу өткөрүп, пайдалануу тууралуу мэриядан өтүнгөнбүз. Азырынча ал маселе чечиле элек.
Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык, «Газпром Кыргызстан» Бишкек менен Ошко эки мектеп салып бермей болгон. Учурда Бишкекте 960 орундуу мектептин курулушу аяктады. Ага 20 миллион доллар сарпталганы айтылды.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары «Газпром Кыргызстан» курган мектепте окууну каалаган окуучу ай сайын 22 миң сомдон төлөшү керек экенин жазып чыгышкан. Ошондой эле бул мектептин бир жылдык чыгымы 200 миллион сом болорун, аны Бишкек мэриясынын бюджети көтөрө албай турганын кабарлашкан.
Маселе парламентте да көтөрүлүп, спикердин орун басары Аида Касымалиева мектеп мэриянын карамагына болуп, бекер иштөөгө тийиш экенин айткан. Бишкек мэриясы «Газпромдун» сунушун азырынча карай элек. (YI)