Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 28.02.2019

«Белизгейт»: Сегизбаевдин «кол тийбестиги»

Azattyk.org 

«Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт иши» боюнча Абдил Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганын жашырып, аны биротоло калкалоого өтүп алганын билдирди.

Жалал-Абадда өрттөн бир адам көз жумду

Azattyk.org 

28-февралга караган кечте Жалал-Абад шаарынын Базарбаев көчөсүндө бир шаар тургуну үй ичинде кулпуланып калганы тууралуу аймактык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, окуя болгон жерге барган куткаруучулар эшикти ачып, үйдөн чыга албай калган 60 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан. Сөөк укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Учурда кырсыктын себептери такталууда. ӨКМ билдиргендей, 2019-жылдын алгачкы эки айында Жалал-Абад облусунда 64 өрт кырсыгы катталган. Читать дальше...

Пакистан аба мейкиндигин жарым-жартылай жапты

Azattyk.org 

Кашмирде кырдаалга байланыштуу Пакистандын жарандык авиация мекемеси өлкөнүн аба мейкиндигин жарым-жартылай жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Индиянын бийлиги да өлкөнүн түндүгүндөгү жана Кашмирдеги бир нече аэропортту жапканы кабарланып жатат. Бул тууралуу индиялык жана пакистандык маалымат каражаттары жазышты. Башында өлкөдө аба мейкиндиги коммерциялык каттамдар үчүн толугу менен жабылган, кийин бийлик өлкөнүн түштүк тарабында учууга уруксат берилгенин билдирди. «Reuters» агенттиги мындай чечим... Читать дальше...



«Мунабия» тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Орусиялык «Ника» кинематографиялык искусство Академиясынын номинанттарынын тизмесин жарыялады. Мекеменин сайтында жазылган кабарга ылайык, кыргызстандык режиссер Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» тасмасы да «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү. Чыгарма «КМШнын жана Балтиянын мыкты тасмасы» номинациясына коюлду. Бул номинацияда белорустук, өзбекстандык, казакстандык жана молдовалык фильмдер менен жарышат. Быйылкы, 32-жолу берилип жаткан «Ника» сыйлыгын тапшыруу 30-мартта Москва шаарында өтөт. «Мунабия»... Читать дальше...

Үч өлкө визасыз каттоо режимине кирбей калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 52 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулайт. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Азаттыкка» айтканына караганда, эл өкүлдөрү Болгария, Кипр, Румыния өлкөлөрүн визасыз каттоо режиминен чыгарышты. - Айрым депутаттар «​бул өлкөлөр өздөрү кедей болсо эмнеге туристтерди алып келебиз»​ деп айтып жатышат. Бул туура эмес пикир. Бахадыр Сулейманов «2030-жыл узак болот... Читать дальше...

Путин менен Нетаньяху Сириядагы Ирандын ролун талкуулайт

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы кырдаал, андагы Ирандын ролу тууралуу маселени талкуулоо үчүн 27-февралда Москвага жумушчу сапары менен барды. Израил Сирияда Ирандын катышына тынчсызданып, коопсуздукка коркунуч алып келүүдө деп эсептейт. Нетаньяху сүйлөшүү алдында “аймакта эң биринчи стибилдүүлүк менен коопсуздукка коркунуч Иран жана анын ишенимдүү өнөктөштөрү тараптан келип жатат” деп билдирген. Ошондой эле аларга каршы күрөш улана турганын айткан. Читать дальше...

АКШ, Европа, Кытай, Орусия Индия менен Пакистанды тынчтыкка чакырууда

Azattyk.org 

АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Орусия Индия менен Пакистанда кырдаал курчуп жатканына тынчыздануусун билдирди. 27-февралда Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан эки тарапты тең аскерий аракеттерден алыс болуп, тирешти деэскалация жасоого чакырды. Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Индия жана Пакистанды “болушунча сабырдуу болууга” үндөп, бул олуттуу кесепеттердин алдын ала турганын билдирди. Пакистандын жакын өнөктөшү саналган... Читать дальше...

Апрель-ТВ боюнча сотто каналдын жетекчиси жарыш сөзгө чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” телеканалына каршы доо арызы боюнча 28-февралдагы отурумун баштады. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгып жатат. Сөз алган телеканалдын директору Дмитрий Ложников Апрель-ТВ Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун чыгаруу менен журналистиканын принциптерин бузбаганын айтты. Ал программага соттун экспертиза жүргүзүүдөн баш тартканына өкүнгөнүн,... Читать дальше...



Жазма түрлөрү – улуттук ынтымакка данакер

Azattyk.org 

Кыргыз улуту атаандаш колдонуп келе жаткан алфавиттердин реформасы тууралуу талкуу кыргыз тилинин дүйнө жүзүндөгү болочок тагдырын да аныктайт. Бул талкуу улуттук биримдикке кедерги тийгизбестен, тескерисинче, жаңы деңгээлдеги биримдикке жол табуунун ачкычы боло алат. Тарыхчынын ой толгоосу.

2019-жылы Саудия Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун көбөйтөт

Azattyk.org 

2019-жылы Сауд Арабия Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун көбөйтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабияга сапары учурунда белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, сапар учурунда министр Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худайери менен жолугушту. Тараптар насыя жана гранттык кызматташтыкты кеңейтүү, инфраструктуралык долбоорлор туурасында сүйлөштү. Анда Аль-Худайери Фонд 30 млн. долларлык саламаттыкты сактоо... Читать дальше...

АКШ, Түндүк Корея лидерлери биргелешкен декларацияга кол коёт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуунун экинчи күнүндө биргелешкен декларацияга кол коёт. Кол коюу аземи жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 2ден өтүп боло турганын Ак үйдөн кабарлашты. Документ тууралуу кенен маалымат берилген жок. Мурдараак Трамп журналисттерге сүйлөшүү ийгиликтүү болот деп ишенерин, “куралсыздандыруудан башка жол жоктугун” айткан. “Бул жолу бардыгы күтүп жаткандай жыйынтыкка жетишебиз деп ишенем. Мен ийгиликке жетүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм”, - деген Ким. Читать дальше...

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандардын жаза мөөнөтү кыскарды

Azattyk.org 

“Мегаком” соода маркасы менен таанымал “Альфа Телеком” уюк компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Алмаз Абековдун абактагы мөөнөтү кыскартылды. Жогорку Соттун маалыматына караганда, адвокаттын “ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу” арызынын негизинде бул соттук орган өзүнүн 2017-жылдагы токтомун өзгөртүп, жаза мөөнөтүн 15 жыл деп аныктады. Буга чейин Абеков Бишкек шаардык сотунда 25 жылга кесилип, бул өкүмдү Жогорку Сот күчүндө калтырган. 2010-жылдагы саясий окуялардан... Читать дальше...

Апрель-ТВ: сотто тараптар жарыш сөзгө чыгат

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” телеканалына каршы доо арызын кароону улантат. Азимбек Бекназаровдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгат. 26-февралдагы соттук териштирүүдө сот “Апрель” телеканалынын адвокаттары доогерлердин “ар-намысына шек келтирди” деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнчүн четке каккан. Саясатчылар Азимбек Бекназаров... Читать дальше...

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Azattyk.org 

28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.  Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат. Аймактык салык органдары бүгүн түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алат. Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат. 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын... Читать дальше...

Азимжан Аскаровдун аялы президентке кайрылды

Azattyk.org 

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Анда быйыл күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү өтүнүчү жазылган. "Азыркы өкмөттүн кадамдары БУУнун, Нельсон Манделанын принциптери, гумандуулукка шайкеш келиши керек. Ошондуктан ал жерде 60тан ашкан, оорулуу, жапа чеккен... Читать дальше...

ИИМ: эки айда өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факт катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2019-жылдын эки айында өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын 91и табылып, сегизи издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “48 саатка жоголуу” оюнуна түшүндүрмө берген учурда билдирди. Убагында дайыны чыкпай кеткендердин теңинен көбү эркек балдар, 43ү кыздар. Алардын он чактысы адашып кеткенин айтса, басымдуу бөлүгү ата-энеси менен урушканы үчүн үйдөн чыгып кеткенин белгилешкен. Дайынсыз жоголгон жана табылган өспүрүмдөрдүн көбүн алты жаштан он төрт жашка чейинкилер түзөт. Читать дальше...

Дүйнөдө ар бир жетинчи адам - мигрант

Azattyk.org 

Дүйнөдө ар жетинчи адам - мигрант. Бул тууралуу Алматыда мигранттардын укугу жана аны медиада чагылдырууга арналган семинарда Эл аралык миграция уюмунун эксперти Ирина Черных билдирди. Уюмдун эсебинде, мигранттар Түндүк Америкада, Европада жана Саудияга көп барат. КМШ мамлекеттеринин, анын ичинде Борбор Азиянын жарандары көбүрөөк Орусияда иштешет.  27-февралда башталган үч күндүк бул жыйынды Эл аралык миграция уюму "Интерньюс" менен чогуу уюштуруп, ага Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Поездам прибавляют ходу // Как может сократиться время пути от Москвы до курортов на Черном море


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Тимати высмеял Джигана: "Не собьется, будет уже круто"



Москва

Актриса из Мурома снялась в российской адаптации турецкого сериала "Постучись в мою дверь"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net