АКШ, Европа, Кытай, Орусия Индия менен Пакистанды тынчтыкка чакырууда
АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Орусия Индия менен Пакистанда кырдаал курчуп жатканына тынчыздануусун билдирди. 27-февралда Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан эки тарапты тең аскерий аракеттерден алыс болуп, тирешти деэскалация жасоого чакырды.
Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Индия жана Пакистанды “болушунча сабырдуу болууга” үндөп, бул олуттуу кесепеттердин алдын ала турганын билдирди.
Пакистандын жакын өнөктөшү саналган Кытай эскалацияга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, Исламабад менен Дели кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон күчүн жумшайт деген үмүтүн айтты.
Орусия эки өлкөнү сабырдуулукка чакырып, бул жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын билдирген.
Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Равиш Кумар 27-февралда Нью-Делидеги маалымат жыйында индиялыктардын бир, пакистандыктардын бир учагы атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Буга чейин Пакистан Индиянын аскердик эки учагы шаршембиде Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагында, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраганын айткан.
Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келет.