Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 15.05.2018

Таласта жаштар курма жана орозонун календарын таратты

Azattyk.org 

Талас облусунун жаштары шаардыктарга акысыз курма жана Орозо айынын календарын таркатты. Акциянын уюштуруучуларынын бири Заирбек Камалдиновдун айтымында, мындай саамалык облуста жаштардын демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат. Максаты - коомду кайрымдуулукка үндөө.  Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин чечими менен 17-май орозонун алгачкы күнү катары белгиленди. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын адиси Орозали Адыраковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 16-майдан 17-майга караган түнү саат 3:34тө ооз бекилет. Читать дальше...

АКШда Мелания Трампка операция жасалды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп бөйрөгүнөн операция болду. Бул тууралуу 14-майдын кечинде АКШ президентинин жубайынын басма сөз кызматы кабарлады. Залалсыз шишикти алуу боюнча операция Мэриленд штатындагы Уолтер Рид атындагы аскердик-медициналык борбордо ийгиликтүү өткөнү кабарланды. Дарыгерлердин айтымында, биринчи айымдын абалы жакшы жана ал ооруканда бир жумадай жатат. Президент Трамп бул маалда Ак үйдө болду. Соңку отуз жыл ичинде АКШнын биринчи айымдарынын бирине да мындай олуттуу операция жасалган эмес. Читать дальше...



Ошто асынып алган жигиттин өлүмү боюнча иликтөө башталды

Azattyk.org 

Ош шаарынын Озгур айылында асынып өлгөн 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркум Аскар Касымбеков өз үйүнүн бүтө элек бөлмөсүндө жип менен асынып өлгөн. Ал ошол күнү Жалал-Абад шаарына тойго барып келгени, эч кандай кат жазып калтырбаганы такталды. Жигит өз жанын кыйган учурда апасы үйдө болгон эмес. Туугандары маркумдун сөөгүн экспертизага бергенден баш тартып... Читать дальше...

Дүйшөнбек Зилалиевдин “бомба” боюнча сот иши жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум 25-майга калды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева “Азаттыкка” билдирди. Отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болду. Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө... Читать дальше...

Казакстанда аткаминер аялдар аз

Azattyk.org 

Казакстанда саясатчылар менен аткаминерлердин арасындагы аялдардын үлүшү 10 пайыздын гана тегерегинде. Жогорку кызматты ээлегендери андан да аз.

Кумтөрдө төрт айда үч тоннадан ашык алтын өндүрүлдү

Azattyk.org 

“Центерра Голд” ("Centerra Gold Inc.") компаниясы 2018-жылдын биринчи кварталында Кумтөр кенинен 116919 унций же 3 тонна 64 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын жылдын биринчи чейреги үчүн берген отчетунда жарыяланды. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө караганда азыраак. Өндүрүмдүн аздыгын компания Сары-Төр участкасында курамында алтын азыраак камтылган казылмалар табылганы менен түшүндүрөт. Мындан ишкана 153 млн. доллар киреше тапты. Ошондой эле компания жылдын башынан бери 1,97 млрд. сом... Читать дальше...

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты (видео)

Azattyk.org 

Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери 2014-жылдан бери айлык акысын толук ала албай келгенин айтып, 15-майда нааразылык акциясына чыгышты. Алардын бири Эркин Суванкулов мекемеде 1997-жылдан бери иштеп келгенин айтып, жумушчулардын алды 500 миң сом, аркасы 100 миңге чейин аласасы бар экенин билдирди:  - “Нарын ГЭС” ишканасы салыкка сегиз миллион сом, электрге 40 миллион сомдой карыз экен. Кыштан бери үч жолу митинг уюштурдук. Каракөл шаарынын депутаттары менен да жолуктук, бирок эч майнап чыккан жок. Читать дальше...



Арканга күнү түшкөн акталаалыктар

Azattyk.org 

Ак-Талаа районундагы төрт айыл жана Казарман району байланышсыз калды. Анткени бул айылдарга каттаган жолго салынган Казарман Акталчат унаа жолундагы көпүрөнү суу жууп кетти.

Ооганстандын батышында кол салуудан ондогон киши мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочуларынын кол салуусунан ондогон киши курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, Иран менен чектеш аймакта жайгашкан провинцияда 15-майга караган түнү талибдер бир катар текшерүү-өткөрмө бекеттерин басып алып, коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин ортосунда айыгышкан кагылышуулар болгон. Бул тууралуу аймактык кеңештин башчысы Фаред Бахтавер кабарлады. Ал ооган армиясынын 30дай аскери өлтүрүлгөнүн кошумчалады. Читать дальше...

Килауэа жанар тоосу атылып, жергиликтүү тургундар жабыркады

Azattyk.org 

Гавайи аралынын бийлиги эки жумадан бери тынбай атылып жаткан Килауэа жанар тоосунан улам миңдеген тургундарды коопсуз жайларга көчүрүүнү караштырып жатат. Соңку маалыматка ылайык, жанар тоодон агылган ысык лава бери дегенде 40тай үйдү кыйраткан. Автожолдордо жаракалар көбөйдү. Ушундан улам тургундарды көчүрүү кыйынчылык жаратышы мүмкүн экени да айтылууда. Өткөн аптада Леилани-Эстейтс аймагынан эки миңден ашуун киши чыгарылган.  Кошмо Штаттардын Геология кызматы кабарлагандай, учурда жанар тоодогу 20дай жаракадан лава агып жатат. Читать дальше...

Лейлекте сел алып кеткен айылдарда убактылуу жол ачылды

Azattyk.org 

Лейлекте селден зыян тарткан айылдарда утурумдук жол каттамдары ачылды. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 15-майда “Азаттыкка” билдирди. 13-май күнү кечке жуук жүргөн селден Лейлек району тарткан чыгым эсептелип жатат. Жол каттамдары, электр энергиясы, таза суу жок калган айылдарга утурумдук жол каттамдары ачылып, электр зымдары тартылып бүттү. Учурда ондон ашык атайын техника сугат суу жеткирүүчү, ички чарбалык каналдарды тазалоо иштерин жүрүзүп жатат. Баштапкы эсеп боюнча селден 27 менчик үйгө... Читать дальше...

Кыргызстанда Орозо 17-майда башталат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин чечими менен 17-май Орозонун алгачкы күнү катары белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын адиси Орозали Адыраков “Азаттыкка” билдирди. 16-майдан 17-майга караган түнү саат 3:34 ооз бекилет. Анын айтымында, айдын жаңырышына жараша ыйык Рамазан айынын алгачкы күнү бир күн эрте да башталышы мүмкүн.

Отунбаева: Парламент балдарды өнүктүрүүгө катуу көңүл бөлүшү керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште балдарды жаштайынан өнүктүрүүгө байланыштуу атайын комитет түзүш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Бишкектеги улуттук форумда билдирди. - Балдарды жаштайынан өнүктүрүү маселесин мамлекет негизги багыт катары карашы керек. Жакырчылыкты жоюунун бир жолу - балдарды эрте куракта, мектепке чейинки убакта өнүктүрүү болуп эсептелет. Учурда балдардын 30 пайызы гана бала бакчага барат,-деди Отунбаева. Мектепке... Читать дальше...

Бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тест тапшыра баштады

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшыра башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун басма сөз өкүлү Чынара Батыракеева билдирди. Анын айтымында, тестке негизги каттоо 2018-жылдын 15-февралынан 6-апрелине чейин жүргөн. Ал аралыкта 42491 бүтүрүүчү катталып, азыр алар тест тапшырып жатышат. Тест эки этапта болот. Биринчи күнү бүтүрүүчүлөр жалпы тест тапшырышса, эртең алар предметтик тесттерди тапшырышат. Читать дальше...

Караколдо жолду оңдоого байланыштуу кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы №35 жол иштетүү башкармалыгынын (ЖИБ) жооптуу кызматкерлери жолду оңдоого бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз иштетип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Анда айтылгандай, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу бул Караколдогу ишкана 2017-жылы шаардагы көчөлөрдүн бирин оңдоого мамлекеттик бюджеттин эсебинен 25 млн. 299 миң сомдук тендер жарыялаган. Анын жыйынтыгында сынак комиссиясы эң аз, 20 млн. 877 миң сомдук кызмат сунуш кылган “З.П.”... Читать дальше...

“Саясий куугунтук”: ким кимди?

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясий куугунтук жана "саясий туткундар" боюнча маселе күн тартибине чыкты. Мурдагы президент Алмзабек Атамбаевге оппозициядагы күчтөр "саясий туткундарга" боштондук берүү талабы менен форум өткөрсө, Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири Сапар Исаков саясий куугунтук башталганын жарыялады. Саясий чөйрөдөгү мындай кырдаал эмнеден кабар берет? Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи, публицист Кубан Мамбеталиев, “Сереп” иликтөө институтунун директору Искендер... Читать дальше...

Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Арабаев ээлеген кызматынан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде бошотулду.  Буга чейин Манасбек Арабаев бир катар соттук иштерге киришери басма сөздө айтылып келген. Мурдагы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юлия Савичева

«Прыгала, как сумасшедшая»: Юлия Савичева рассказала об исполнении давней мечты в шоу «УТРО. ТНТ»





Персональные новости
Спартак

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве





Булан институту: Мугалимдердин социалдык абалы дагы эле оор

Azattyk.org 

"Булан" институту жарыялаган баяндамада Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин айлыгы 2011-жылдан бери эки жолу көтөрүлгөнү менен алардын абалы оор экени, аларга каралган социалдык кепилдиктер мамлекет тарабынан аткарылбай келгени айтылат. Баяндамада мугалимдердин маянасы кандайча эсептелери чечмеленген. Изилдөө учурунда суроолорго жооп берген көпчүлүк мугалимдер айлык жогорулап, бирок кайра эки ай ичинде эле кескин азайып калганын, айлыктын өлчөмүндө анча өзгөрүү болбогонун баса белгилешет. “Биринчиден... Читать дальше...

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Azattyk.org 

Туруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Туруктуу элдик кеңештин төрагасы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү талабы айтылды. Негизинен, үч сунуш - Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча иш-аракеттерди көрүү чечими кабыл алынды.  - Биринчиси... Читать дальше...

Газада элүүдөн ашуун киши каза тапты

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилиги расмий ачылды. Ачылыш аземин утурлай Газа тилкесиндеги кагылышуудан кеминде 51 палестиналык жаран мерт болгону кабарланды. Израил армиясынын огунан жараат алгандардын саны миңден ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.

Тажикстандагы кыргыздарга жардам жеткирилет 

Azattyk.org 

Жардам чогултуу жана аны Тажикстандагы кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал жана Мургаб райондоруна жеткирүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн. Анын курамына ишкерлер, журналисттер кирген. Уюштуруу тобунун мүчөсү, журналист Жолдош Турдубаев билдиргендей, негизинен Тажикстандагы кыргыздар билим алган мектептерге жардам бериш үчүн китеп жана башка окуу куралдары топтолду. 10-15 кишиден турган топ Тажикстанга бүгүн жол тартат.  (NT)

Аксы районунда 100гө жакын үйдү сел каптады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол, Райкомол, Кечүү, Тегене айылдарында селден ички чарбалык автожолдор зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул айылдарда 100гө жакын үйдүн короолорун суу каптады. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай дарыясынан да суу ашып, Атала айылында 20 үйдүн короолоруна кирген. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук ыкчам тобу менен жарандык коргонуу комиссиясы сел болгон аймакта тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстанда 12-майдан бери катуу жаан жаап жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ирина Хромачёва

Россиянки Хромачёва и Сизикова пробились в финал парного турнира в Рабате


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Никабы





Путин в России и мире
Москва

Посольство Бахрейна: король Аль Халифа считает Путина другом


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Посол Белоруссии: Лукашенко и Путин обсудят учения с тактическим ядерным оружием




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Политолог Бортник: Киев ждёт общий провал, если ВСУ останется без успехов до осени


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Пугачева, слова об СВО, суд из-за пива: как живет певец Александр Розенбаум



Москва

Диппредставительства РФ откроются в Сьерра-Леоне, Нигере и Южном Судане

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net