Газада элүүдөн ашуун киши каза тапты
![Газада элүүдөн ашуун киши каза тапты](https://gdb.rferl.org/778D11D0-899B-4BAA-85DE-91A1823FCE28_cx0_cy5_cw0_w800_h450.jpg)
Дүйшөмбүдө Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилиги расмий ачылды. Ачылыш аземин утурлай Газа тилкесиндеги кагылышуудан кеминде 51 палестиналык жаран мерт болгону кабарланды. Израил армиясынын огунан жараат алгандардын саны миңден ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.