Садыр Жапаров: Айлык акы, пенсия өз убагында берилет
12-ноябрдагы маалымат жыйында президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров казынада пенсия, жөлөк пул, айлык акы төлөөгө каражат бар экенин айтып, жыл аягына чейин бары убагында берилерин маалымдады: “Өлкөдө экономикалык абал өтө жакшы же жаман деп да айта албайм. Орточо деп айтам. Жылдын аягына чейин корголгон беренелер боюнча беребиз. Эч кандай кармалбайт”. Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Читать дальше...