Карабак: кубаныч-кайгы коштогон келишим
Тоолуу Карабактагы 44 күндүк куралдуу кармаштан кийин Армения менен Азербайжан Москванын ортомчулугу астында тынчтык келишимине кол койду. Жыйынтыгы Азербайжанда чоң жеңиш катары мүнөздөлсө, Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын өкмөтүнө каршы маанайды күчөтүп койду.