Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 17.11.2020

Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. "Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин... Читать дальше...

Орусия: Экс-президентке кол тийбестик берген мыйзам биринчи окуудан өттү

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн мурдагы президенттерине өмүр бою кол тийбестик берген мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Бул демилге быйыл жайында референдумда жактырылган Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү. Ага ылайык, бардык мурдагы президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жана административдик айыптар боюнча өмүр бою иммунитетке ээ болот. Аларды кармоо, камоо, тинтүү жана сурак алууга тыюу салынат. Бир гана учурда, эгерде мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталса гана аны Мамлекеттик Дума... Читать дальше...

COVID:19: Түркияда кайрадан чектөөлөр киргизилди

Azattyk.org 

Түркияда акыркы жумаларда коронавирус жугузуп алгандар жана ооруканаларда бейтаптар көбөйүп жатат. Буга байланыштуу 17-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияда кайрадан коронавирус чектөөлөрү киргизилгенин кабарлады. Чечимге ылайык, дем алыш күндөрү эртең мененки саат 10дон кечки  8ге чейин элдин көчөгө чыгышына тыюу салынды. Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандардын күн сайын көчөгө чыгышына да чектөөлөр бар.  Орто мектептерде билим берүү жыл аягына чейин дистанттык негизде улантылмай болду. Читать дальше...



Жер трансформациясы боюнча мыйзамдын күңгөй-тескейи

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында, 13-ноябрь күнү "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Кол коюлган мыйзам 2009-2018-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган үйлөргө гана тиешелүү. Шашылыш кол коюлган мыйзам 13-ноябрда Садыр Жапаров кол койгон мыйзамдын автору - кыргыз өкмөтү. Читать дальше...

Парламенттик өлкөлөр бай жашайт

Azattyk.org 

Акыркы 20 жылдын ичинде Европа менен Азияда кеминде он мамлекет парламенттик башкарууга багыт алды. Парламенттик өлкөлөр бай жана бакубат жашайбы? Конституциясын онунчу жолу өзгөрткөнү жаткан Кыргызстан алардан кандай сабак алышы керек? “Азаттыктын” видеосун көрүңүз.

Райымбек Матраимов кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 493,8 млн. сом төктү

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине ушул күнгө чейин 493,8 млн. сом которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме тактагандай, мурдагы бажычы акчаны 5-ноябрдан баштап которо баштаган. Финансы министрлиги ал милдеттенме алган сумманы кайсы мөөнөткө чейин төгүп бүтөрүн укук коргоо органдары чечерин маалымдады. Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн... Читать дальше...

«Crew Dragon» кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты

Azattyk.org 

Америкалык «SpaceX» корпорациясы эки астронавт менен учурган «Crew Dragon» кемеси шейшембиде эртең менен Эл аралык космос станциясына ийгиликтүү жалгашты. Учурда экипаж станцияга өттү. Америкалык астронавттар Майкл Хопкинс, Виктор Гловер, Шеннон Уокер жана жапон астронавты Соити Ногути Эл аралык космос станциясында жарым жыл болушат. Алар бул станциядагы 64-узак мөөнөттүү экспедициясынын мүчөлөрүнө кошулат. Бул НАСА менен америкалык ишкер Илон Маск түптөгөн «SpaceХ» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашты. Читать дальше...



АКШнын мамлекеттик катчысы Грузияга келет

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 17-ноябрда Грузияга келип, бул өлкө менен коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Помпео Тбилисиге Түркиядан учуп келет. Ал Стамбулда ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугушса да Түркиянын расмий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөн жок. Помпео Грузиянын президенти Саломе Зурабашвили, премьер-министр Георгий Гахария баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Грузин православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Илия II менен жолугушуу өткөрөт. Читать дальше...

Баткен: Чек арадагы турмуш

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Анын 519 чакырымы гана такталган. Тактала элек аймактарда жайыт, жер, жол, суу талаштан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат. “Данисте” бул чыгарылышта Баткенде коңшу өлкөлөр менен чектеш айылдарда жашаган элдин турмушуна кызыкты.

COVID-19: Кенияда кош бойлуу өспүрүмдөр көбөйдү

Azattyk.org 

Европа коронавирустун экинчи толкуну менен күрөштү улантууда. Пакистанда радикал-исламчыл кишилер француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылып, Исламабаддын жолун торошту. Кенияда коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер жабылып, кош бойлуу өспүрүмдөр көбөйдү.

Жалал-Абаддын мэрин шайлоо башка күнгө калды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо башка күнгө которулду. Шаар башчысын шайлоо бүгүн, 17-ноябрда өтмөк. Бүгүнкүгө белгиленген шайлоо жалгыз талапкер катары катталган Эрнисбек Ормоковдун ден соолугуна байланыштуу болбой калганын «Азаттык» радиосуна Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Адил Жоробаев билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы Ормоков шайлоого катышуудан баш тартып, өзү арыз жазып бергенинен шайлоо болбогонун маалымдады. Ормоков быйыл 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоого Жогорку... Читать дальше...

Эки сүрөтчүнүн кол изи театр алдына орнотулду

Azattyk.org 

Бүгүн,17-ноябрда Кыргызстандын кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Майрам күнү сүрөтчүлөр Муса Абдиев, Элдияр Мадакимдин кол издери түшүрүлгөн плиталар Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулду.

«Жарандык көзөмөл комитетинин» дооматын Байланыш агенттиги четке какты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму өлкөнүн телекоммуникациялык рыногундагы абалга тынчсыздануусун билдирип,  Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин «байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, аймактардагы миңдеген абоненттерди Интернетсиз калтырышы ыктымал» деген доомат койду. Уюм 17-ноябрда ачык маалыматтардын негизинде билдирүү таратып, агенттиктин жетекчиси Азамат Дыйканбаев радиожыштык боюнча кээ бир лицензияларды токтотуу, кээ бирлерине карата жогорулатылган... Читать дальше...

Өкмөт карызды кайтарганга Бээжинден убакыт сурады

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Бишкектин карызы жөнүндө телефондон сүйлөштү. Бирок баарлашууда кандай чечимдер кабыл алынганы тууралуу так маалымат айтылган жок. 16-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ваң И менен сүйлөшүүсү Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки жогорку деңгээлдеги биринчи расмий байланыш болду. Сырткы саясат мекемеси кабарлагандай, баарлашууда министрлер кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин... Читать дальше...

Трамптын Иран боюнча сунушу четке кагылды

Azattyk.org 

"New York Times" басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн жогорку даражалуу жардамчылары менен Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруу жолдорун талкуулаганын жазды.

Керимбек Калыкулов ОшТВнын башкы директору болуп дайындалды

Azattyk.org 

Керимбек Калыкулов ОшТВ телеканалына башкы директор болуп кайра дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Калыкулов өзү тастыктады. Ал 2020-жылдын январь-октябрь айларында ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Октябрдагы саясий башаламандыктан соң бийлик алмашып, 19-октябрда ЭлТРдин жетекчиси кызматынан бошотулган эле. Жамааттын басымдуу бөлүгү аны колдоп, өкмөттөн кызматтан кетирбөөнү суранышкан, аны колдогон бир канча акциялар уюштурган. 39 жаштагы Керим Калыкулов... Читать дальше...

«Ахбор» интернет-басылмасы ишин токтотту

Azattyk.org 

Тажикстандагы окуяларды чагылдырган Чехиядагы «Ахбор» интернет-басылмасы ишин токтотту. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Мирзо Салимпур билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга Тажикстандын Жогорку соту порталды өлкөдө тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизгени себеп болду. «Тилекке каршы, бул негизсиз чечимден соң журналисттер биздин сайтка материалдарын жөнөтө албай, эксперттер менен аткаминерлер орчундуу окуялар боюнча пикирин билдире албай калышты. Алар тыюу салынган сайт менен кызматташты деп айыпталышы мүмкүн»... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Балерина Анастасия Волочкова села на шпагат на Мальдивах





Персональные новости
Выставка

Выставку "Россия" посетили 12 миллионов человек





Армениянын президенти кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал 16-ноябрдын кечинде жасаган телекайрылуусунда «шайлоо алты жумалык жаңжалдан кийин  Тоолуу Карабакка байланыштуу түзүлгөн абалдан куткарат» деп билдирди. Ал Никол Пашиняндын өкмөтүн мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун «жол картасын» түзүп чыгууга үндөдү. Чектелүү укуктарга ээ болгон президент Саркисян соңку күндөрү бир нече саясий партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Арменияда... Читать дальше...

Латвия Беларустун Хоккей федерациясынын башчысын «кара тизмеге» киргизди

Azattyk.org 

Латвия Беларустун Хоккей федерациясынын башчысы Дмитрий Басковду «кара тизмеге» киргизди. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс 16-ноябрдан баштап Басковду Латвияга киришине тыюу салган буйрукка кол койду. «Литва, Эстония менен бирге биздин балтиялык кара тизмени кеңейтип, Беларустагы тынч нааразылык акцияларына күч колдонуп жаткан адамдарды кошобуз», деп жазды министр «Твиттердеги» баракчасына. Бул аркылуу Балтика жээгиндеги өлкө Беларустун 2021-жылдагы хоккей боюнча чемпионатты өткөрүшүнө тоскоол болгусу келет. Читать дальше...

Президенттик шайлоого карата даярдык талкууланды

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен өлкөдө социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана президенттик шайлоону уюштуруу маселелерин талкуулады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамытов президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү негизги милдеттердин бири экенин белгиледи. Новиков... Читать дальше...

Митч МакКоннел Иракта жана Ооганстанда америкалык аскерлерди азайтууга каршы чыкты

Azattyk.org 

АКШ Сенатындагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел Ооганстан менен Ирактан аскерлерди чыгаруунун кесепети тууралуу эскертти. «Президент Дональд Трамп тиешелүү чечимди жакын арада жарыялайт» деген кабарларды 16-ноябрда маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Республикачылардын Сенаттагы лидери МакКоннелдин айтымында, Ооганстандагы жана Ирандагы аскерлерди азайтуу экстремисттик күчтөргө идеологиялык жеңиш алып келип, өнөктөштөрдүн ишенимине доо кетирет. «Мындай кадам эң ириде «Аль-Каида» сыяктуу террордук топторго ыңгайлуу болуп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Паула Бадос и Стефанос Циципас расстались | Виды спорта


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Кирилл Купченко, Директор по послепродажному обслуживанию ABTOДОМ МКАД рассказал о сервисном обслуживании электромобилей Zeekr





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Григорий Лепс

О чём не любит говорить Григорий Лепс



Москва

В Перми нашли погибшей пропавшую 49-летнюю певицу Светлану Маслову

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net