Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 04.11.2020

АКШ Париж келишиминен чыкты

Azattyk.org 

АКШ 4-ноябрда климат боюнча Париж келишиминен чыгуу боюнча жараянды аяктады. Бул боюнча жарлыкка 2017-жылы жайында президент Дональд Трамп кол койгон. 2019-жылдын башында келишимден чыгаары тууралуу расмий Вашингтон БУУга маалымат берген. Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу Трамптын 2016-жылдагы алгачкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларынын бири болчу. Ал Париж макулдашуусу экономикалык жактан Кошмо Штаттарына пайдасыз экенин, айлык-акыны азайтып, фабрикалардын жабылышына... Читать дальше...

Бишкек - Вашингтон алакасы кандай болот?

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын кийинки президентинин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга саясаты кайсы багытта өнүгөт? Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Вашингтон менен Бишкектин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү баштала элек. Саясат тануучу Эмил Жороев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Чүй облусунда гранатометтор катылган жай табылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 3-ноябрда Чүй өрөөнүнөн РПГ-18  үлгүсүндөгү эки гранатомет катылган жай табылганын кабарлады. Маалыматка караганда, курал-жарак жашыруун сакталган жер Ички иштер министрлиги менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында табылган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталды. Курал сактагандарды табууга багытталган иш-чара уланып жатканы кабарланды. Читать дальше...



Венгрияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланат

Azattyk.org 

Венгрияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланып, жаңы чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал ооруканаларды жетиштүү орун менен камсыз кылуу жана жашы өткөндөрдү коргоо үчүн чаралар көрүлгөнүн билдирди. Өзгөчө абал 4-ноябрдын түнү башталып, 15 күнгө созулат. Орбан өзгөчө абалдын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартууну парламентке сунуш кыларын билдирди. Венгрияда март айында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Читать дальше...

Орус вакцинасына карата нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

АКШда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек. Орусияда жасалган коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын алгандар анын кесепеттери оор болгонун айтып, арызданып жатышат. Венада төрт адамдын өмүрүн алган кол салууга шектүү деп 14 адам кармалды.

АКШ: Невада штатында добуштарды саноо 5-ноябрга чейин токтотулду

Azattyk.org 

АКШдагы Невада штатынын бийлиги президенттик шайлоодо бюллетендерди саноону 5-ноябрга чейин токтотконун жарыялады. Мындай чечим жөнүндө түшүндүрмө берилген жок. Дональд Трамп менен Жо Байдендин ортосундагы атаандаштык курч өткөн бул штаттын шайлоо комиссиясы 3-ноябрда почта аркылуу берилген добуштарды жана протоколдорду саноо, айрым жарандардын добуш берүүсүнө байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү зарыл экенин билдирди. Невада - добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек алты штаттын бири. Андан сырткары Жоржия... Читать дальше...

Жаңы төрага жана коюлган доомат

Azattyk.org 

4-ноябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мунун алдында парламенттин спикери Канатбек Исаев өз эрки менен кызматтан кетип, аны президенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды. Мамытов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. Айрымдар парламенттеги акыркы орун алмашуу Жапаровдун бийлигин бекемдегенин айтышып, аны узурпация катары баалап жатышат.

Cот реформасын тескеген Бекназаровдун талаштуу таасири

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына Жаныбек Бекназаровдун дайындалышы чуу жаратты. «Санпа шейиттери» коому анын бул кызматтан алынышын талап кылып бийликке кайрылды. Жаныбек Бекназаров 2010-жылы Жалал-Абаддын Сузак райондук сотунун төрагасы болуп турганда Санпа окуясы үчүн шектүү катары кармалган адамды үй камагына чыгарган жана жабырлануучулардын арызынан улам кызматынан алынган. Президенттин басма сөз кызматы Бекназаровдун бөлүм башчы болгонун ырастады... Читать дальше...



Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 4-ноябрда ал үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Курсановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратура кайрылган.  «Башкы прокуратура өз өтүнүчүндө Асанов багуудагы балдары, үй-бүлөсү бар адам экенин, туруктуу жашаган жери бар экенин, качып кетпей турганын белгилеген», - деди адвокат. Читать дальше...

Парламент төрагасы бир айда үч жолу алмашты

Azattyk.org 

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мунун алдында парламенттин спикери Канатбек Исаев өз эрки менен кызматтан кетип, аны президенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды.

Галина Байтерек: Парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстандагы саясий партиялар иш жүзүндө жабык акционердик коомго айланып калгандыктан парламенттик башкаруу системасы өз натыйжасын бере алган жок деп эсептейт. 4-ноябрда Галина Байтерек Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарып, конституциялык реформа жүргүзүүдө өлкөнүн соңку 30 жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл экенин, партиялар жүргүзгөн саясаты үчүн жоопкерчиликте болбогонун айтты. Соңку он жылда саясий партиялар таасир этүү талашы менен алек болуп келгенин... Читать дальше...

Ошто Садыр Жапаровго кайрылган жаран Өмүрзаков кысымга алып жатканын айтып чыкты

Azattyk.org 

3-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен Оштун тургундарынын жолугушуусунда Канназар Ыдырысов аттуу жашоочу «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш алып жатканын айтып, Жапаровго кайрылган. Ал бүгүн Улукбек Өмүрзаков тарабынан кысымга кабылганын «Азаттыкка» билдирди. Ыдырысовдун айтуусунда Өмүрзаковдун «Мухаммед-Умар» спорт клубунда машыккан жигиттер жана милиция кызматкерлери анын үйүн курчоого алып, издеп жүрүшөт. «Бир нече машине менен Улукбек Өмүрзаковдун балдары үйүмү ороп алып турушат. Читать дальше...

Зулушев: Прокуратура саясий куугунтукка барбайт

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, прокуратура органы саясаттан тыш иш алып барарын билдирди. Ошондой эле ал коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүп, бирок саясий куугунтук менен алектенбей турганын айтты. Зулушевдин башкы прокурорлукка дайындалышы Садыр Жапаровдун жеке бийлигин күчөткөн көрүнүш катары бааланган.

Бозумчак алтын кен ишканасынын жанына чогулгандардын бир бөлүгү тарабай турат

Azattyk.org 

Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» алтын комбинатынын алдына чогулган жүздөй киши ишкананын жетекчиси Жайылбек Дайдиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы чогулгандарды милиция көзөмөлгө алып жатканын билдирди. Нааразылык билдирип тургандар буга чейин өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жергиликтүү эл менен ушул жердеги жолугушуусуна катышкан. Анда да дал ушул талапты коюшуп, муну комбинаттын жетекчилигинин... Читать дальше...

Бишкек мэриясы үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды даярдады

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, баш калаада үй-жайы жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалап, сууктан коргоно турган жайлар даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Октябрь районунда Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 12-үйдө жайгашкан комбинаттын имараты 80 орундуу баш калка болуп уюштурулду. Азыркы тапта 40тай киши жашап жатат. Жашоочуларга ысык тамак уюштурулду. Бул жайга 0312 511 938 же 0559 180 218 номуруна чалып, көчөдө калган адамдарды жайгаштырса болот. Свердлов... Читать дальше...

Польшада өкмөт абортко каршы сот чечимин аткарууну кийинкиге калтырды

Azattyk.org 

Польшанын өкмөтү медициналык себептен улам аялдарды бойдон алдырууга тыюу салган сот чечимин аткарбай турат. Буга өлкө жарандарынын сот чечимине каршы акциялары себеп болду. Польшанын премьер-министринин кеңсе жетекчиси Михал Дворчик британиялык “Guardian” басылмасына “талкуу жүрүп жатат, бул татаал, эмоциялуу кырдаалдан чыгуу үчүн жаңы позицияга жана диалогго көңүл бурулса жакшы болмок”-деп билдирген. Дүйнөдө бойдон алдырууга тыюу салган эң катаал эрежелердин бири Польшада кабыл алынган. Бул өлкөдө эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда... Читать дальше...

БШК: Президенттикке талапкер болууга жети киши арыз берди

Azattyk.org 

4-октябрда “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев жана саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүнкү арыз тапшыргандар менен президенттик жарышка катышууга расмий кайрылгандардын саны жетиге жетти. Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 5-ноябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 7...12, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...1, күндүз 8...13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21, Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 12...17, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...3, күндүз 11...17, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...1° болот. 5-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Сотрудники библиотеки №12 им. А.К. Толстого Брянска провели музыкально-литературный вечер к 100-летию со дня рождения поэта Булата Окуджавы





Персональные новости
Зенит

Боевой ничьей закончился матч воронежского «Факела» с «Зенитом»





Тоолуу Карабактагы жаңжал уланууда

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакта Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу жаңжал уланууда. 4-октябрда эртең менен армян тарап Азербайжандын Тоолуу Карабактагы Шуши шаарына коюлган чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Бирок расмий Баку бул маалыматты четке кагып, учурдагы уруш Татар, Агдам жана Мартуни шаарларынын айланасында жүрүп жатканын жарыялады. Мындан бир күн мурун Армениянын Тышкы иштер министрлиги азери күчтөрү аскердик эмес объекттерди аткылап жатат деп айыптаган. Азербайжан мындай айыптоого жооп кайтарып... Читать дальше...

Жапаров: кенди концентрат түрүндө ташууга тыюу салынат

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда тоо-кен продукциясын концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салынаарын айтты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды. «Учурда адистер тоо-кен тармагынын продукциясын концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр продукция катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга... Читать дальше...

Ала-Букада Садыр Жапаровдон эл Кытайга карызды төлөө жолдорун сурады

Azattyk.org 

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 4-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарынын эли менен жолукту. Жолугушууда жергиликтүү эл Жапаровдон Кытайга тышкы карызды төлөө жолдорун сурады. Жапаров бул суроого: "Мага ишенген мигранттар, жеке ишкерлер банкка Кытайдын карызын төлөө боюнча атайын эсеп ачып жатышат. 2-3 күндө бул маселе чечилет. Ачылган эсептеги каражаттар элге, баарына ачык болушун камсыздайбыз", - деп жооп берди. ... Читать дальше...

Венадагы кол салууга шектүү катары дагы 14 адам кармалды

Azattyk.org 

Полиция 3-ноябрда кылмышкерлерди издөө уланып жаткандыктан калаа тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды. Шектүүлөр кандай жагдайда кармалганы жөнүндө кеңири маалымат бере элек. Дүйшөмбү кечинде орун алган чабуулдан төрт адам каза болуп, дагы 22 адам жаракат алган. Полиция шектүүлөрдүн бирин кармоо учурунда атып өлтүргөн болчу. Каза болгон 22 жаштагы теги түндүкмакендониялык Австрияда туулган Куйтим Фейзулла аттуу адам экени кабарланды. Ал өткөн жылы апрелде “Ислам мамлекети” террорчул тобуна кошулуу үчүн Сирияга кеткени жатканда кармалып... Читать дальше...

Финполиция депутат Жумалиевге таандык окуу жайды жана мүлкүн текшерүүдө

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, бул жөнүндө толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.  Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Для лесопожарных станций Подмосковья закуплены три новых грузовика





Путин в России и мире
Москва

Никол Пашинян наговорил перед разговором // Премьер-министр Армении и президент России обсудят двусторонние разногласия


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пригрозил мгновенным ответом на агрессию против Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Кудрявцева отправила сообщение Волочковой с призывом бросить пить алкоголь



Москва

Движение автобусов и электротранспорта будет ограничено в Томске 9 мая

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net