Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 03.11.2020

Садыр Жапаров: Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулсак болот экен

Azattyk.org 

Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат. Бул тууралуу 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди. Ал тышкы карызды төлөө үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтып, ал тууралуу эртең-бүрсүгүнү жарыяланарын кошумчалады. Ошону менен катар Жапаров бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи: “Жолдору бар экен. Читать дальше...

АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшү

Azattyk.org 

Пандемия учурунда өтүп жаткан шайлоодо таптакыр эки башка көз караштагы талапкерлер президенттикке ат салышууда. 97 миллиондон ашык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

Жогорку Кеңеш БШК мүчөсүн шайлоо маселесин карайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-ноябрда жалпы жыйынга чогулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) мүчөсүн шайлоо тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети кечээ Боршайкомдун мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, жалпы жыйындын кароосуна жөнөттү. 2010-2011-жылдары Боршайкомдун төрагасы, 2002-2008-жылдары мүчөсү болгон Сариев талапкерлиги коюлуп жатканын «Азаттыкка» тастыктап... Читать дальше...



Манасчылык өнөрдү Гиннес китебине каттоо боюнча иш-чарат өтөт

Azattyk.org 

Манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында Бишкекте атайын акция өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чаранын уюштуруучусу, журналист Элнура Кулуева билдирди. 12-ноябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында айнектен жасалган боз үй тигилип, тийиштүү акустикалык аппараттар коюлуп, манасчы Дөөлөт Сыдыков сааттап “Манас” айтат. Кулуева белгилегендей, акциянын максаты – кыргыздын “Манас” эпосун, манасчылык өнөрдү, анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтуу жана даңазалоо... Читать дальше...

Жогорку сот Илмияновдун өкүмүн күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши каралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Башкы сот органына кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык прокуратурасы кайрылган. 3-ноябрдагы отурумда Жогорку сот шаардык соттун жазалоо өкүмүн күчүндө калтырып, редакциялык гана өзгөртүү киргизди. Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Илмиянов 2018-жылы октябрда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган. Читать дальше...

Бишкек мэриясы: Жер үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн карызы 380 миллион сомго жетти

Azattyk.org 

Бишкекте муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн шаардык бюджетке карызы 380 миллион сомго жетти. Бул тууралуу шаар башкармалыгы кабарлады. 3-ноябрда мэрия ижара боюнча карызы бар ишкерлерге кайрылып, мыйзамдарды сактоого жана келишимдин шарттарын аткарууга чакырды. Айрымдары менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу токтотууга мажбур болорун эскертти. Мэриянын маалыматына караганда, ижара акысын төлөбөй же шаарга таандык жерди башка максатта пайдаланып жаткан ишкерлердин саны 223тү түзүүдө. Читать дальше...

USAID Борбор Азия экономикасын калыбына келтирүү боюнча форум уюштурат

Azattyk.org 

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавирустан кийинки экономикасын калыбына келтирүү маселесине арналган аймактык форумга катышат. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) быйыл онунчу жыл уюштуруп жаткан аймактык соода боюнча эл аралык форум виртуалдык форматта 16-20-ноябрь күндөрү өтөт.  Быйылкы форумдун темасы – “Борбор Азия – өнүгүү жана гүлдөп өсүү”. Ага эл аралык жана жергиликтүү эксперттер катышып, пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн аймактагы бизнеске тийгизген таасири... Читать дальше...

АКШ: ири шаарларда коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда

Azattyk.org 

АКШдагы айрым штаттардын губернаторлору Улуттук Гвардияга жана өлкөдөгү соода тармактарынын кожоюндарына президенттик шайлоодон кийинки ыктымал башаламандыкка даяр турууну эскертишти. Вашингтондун борборунда бир нече ишкана жана мамлекеттик мекемелер имараттарынын терезе-эшиктерин бекемдеп жапты. Нью-Йоркто болсо көптөгөн дүкөн, ресторан жана мейманканалар да коопсуздук чараларды көрүштү. Дал ушундай эле көрүнүш Дэнвер, Миннеаполис жана Лос-Анжелесте бар. АКШда чоң соода түйүндөрү быйылкы коронавирус... Читать дальше...



Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрь күнү Ошто иш сапары менен болду. Анын эл менен жолугушуусу борбордук стадиондо өтүп ага 5 миңге чукул киши катышты.

Садыр Жапаров: Парламенттик система эл менен бийликтин байланышын ажыратты

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөндөн бери өлкөдө эл менен бийликтин ортосундагы байланыш жоголду деп эсептейт. Мындай пикирин ал 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде айтты. Сунуштала турган конституциялык реформа жөнүндө айтып жатып ал президенттик башкарууга өтүү жана курултай институтун киргизүү зарылдыгын белгиледи: “2007-жылдан баштап партиялык система деди. Партиянын башына бир лидерди алып келет, калганынын баарын эл тааныбайт... Читать дальше...

Азербайжан Тоолуу Карабактагы согуштан каза болгон жайкын жарандардын санын ачыкка чыгарды

Azattyk.org 

Азербайжан Тоолу Каарбактагы бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан куралдуу кагылышуудан каза болгон тынч жарандардын саны 91 кишиге жеткенин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн прокуратурасы кабарлады. Андагы маалыматка караганда, кагылышуудан жарадар болгон жарандардын саны 400дөн ашык. 3-ноябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери Физули шаарын оор аскердик куралдан аткылаганын билдирди. Буга чейин расмий Баку Физули шаары соңку операциялардын жүрүшүндө бошотулганын кабарлаган эле. Читать дальше...

«Казакстан деген түрмөдө жашай албайбыз»

Azattyk.org 

Казакстанда активист аялдар бийликтин саясий куугунтугуна каршы чыгып, чачын кырып салышты. АКШда президенттик шайлоо өтүүдө. Австриянын полициясы Венада жөн-жай тургундарга ок аткандарды издеп жатат.

Францияда ар 30 секундада бир адамга коронавирус жугуп жатканы айтылды

Azattyk.org 

Франциянын борбору Парижде ар 30 секундада коронавирус бир адамга жугуп, шаардагы ооруканаларга ар 15 мүнөттө бир бейтап кайрылып жатат. Мындай статистиканы Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Веран айтты. Ал «RTL Radioдогу» маегинде Париждин мэри Анн Идальгонун кичи дүкөндөрдү ачуу тууралуу сунушун комментарийлеп, мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылышын шартташы мүмкүн экенин белгиледи. 2-ноябрда Францияда 52 миңден ашык адамдан вирус табылды. Бул пандемия башталган учурундан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Читать дальше...

Америкалыктар 46-президентти тандап жатышат

Azattyk.org 

Пандемия учурунда өтүп жаткан шайлоодо таптакыр эки башка көз караштагы талапкерлер президенттикке ат салышууда. 97 миллиондон ашык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

Коронавирус менен алышкан дүйнө

Azattyk.org 

Кыш жакындаган сайын дүйнөдө коронавируска кабылгандар көбөйүүдө. Украинанын саламаттык сактоо министри абал оор экенин жана мындан да начарлашы мүмкүн экенин эскертти. Ал эми Францияда ар 30 секундада бир адам коронавирус жуктуруп жатканы маалым болду.

ТИМ: Австрияда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок

Azattyk.org 

Австриянын борбор шаары Венадагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 3-ноябрда Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин маалыматына таянып өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Коркунуч ыктымалдыгы жогору болуп жаткандыктан Венадагы кыргыз жарандарына эл көп топтолгон жерлерге барбай, коомдук транспортко түшпөй коё туруу сунушталды. 2-ноябрда Венанын алты жеринде ок атуу менен коштолгон кол салуу болгон. Соңку маалыматка караганда, төрт адамдын өмүрү кыйылды, 18 адам түрдүү жараат алды. Читать дальше...

Көмүскө акча ташыгандар тыйыла элек

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен адамды кармады.

Азык-түлүктүн баасы асмандады

Azattyk.org 

Соңку күндөрү Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү жана тышкы жагдайлар себеп болууда. Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

Америкалыктар добуш берүүдө

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Балерина Волочкова заявила, что считала Кудрявцеву подругой до критики





Персональные новости
Queen

White Queen Birthday party «Королева морей»





Оштун тургуну «Абу-Сахий» ишканасы жөнүндө Жапаровго арызданды

Azattyk.org 

Мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровго Алай районунун тургуну Исабай Сулайманов кайрылып, бажыдагы коррупция жөнүндө айтып берди. Сулаймановдун пикиринде бажыда жүктөрдү документтештириш үчүн акча сураган көрүнүштөр жоюла элек. Ошондой эле ал бажыда артыкчылык берилип келген деп «Абу-Сахий» ишканасынын ишмердүүлүгүн коррупцияга байланыштуу айыптады. «Угуп, билип жүрөсүз. 2007-жылдан бери «Абу-Сахий» деген мите курт пайда болгон. 2007-жылдан бери биздин эсептөөбүз... Читать дальше...

Министр Казакбаев Түркияга барарда түрк ишкерлери менен жолукту

Azattyk.org 

3-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстан менен кызматташкан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин сайты жазды. Маалыматка караганда жолугушууда министр Измирдеги зилзала курмандыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Кыргызстандын бийлигинин коронавируска каршы күрөш, саясий турукташтыруу, конституциялык реформа жүргүзүү багытында жасап жаткан аракеттери тууралуу маалымат берди. Кыргызстанда иштеп... Читать дальше...

Измирдеги кыргызстандык мигранттар үйсүз калды

Azattyk.org 

Түркиянын Измир аймагында 30-октябрда болгон жер титирөөдө кыргызстандык үч мигрант жашаган батир жарактан чыгып калган. Алардын кийим-кечеги, документтери ураган үйдүн ичинде калып, учурда иштеген жерлеринде баш калкалап турушат.

Көлбаевдин тобунун мүчөсү катары кармалган адам оозун тигип, билегин кести

Azattyk.org 

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен кармалган адам оозун тигип, билек тамырларын кесүүгө аракет кылды. 28-октябрда Данияр К. аттуу жаран Түркиянын атуулунан Камчы Көлбаев үчүн 20 миң сом опузалап өндүрдү деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Анын жактоочусу Самат Матцаков «Азаттык» радиосуна: «Данияр өзүн «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмесмин» деп жатат. Ал өзүнө карата милиция психологиялык-моралдык кысым жасаганын айтты. 1-ноябрда... Читать дальше...

Венадагы кол салууга шектүү кармалды

Azattyk.org 

Австриянын полициясы Венада жай тургундарга ок аткан куралчандарды издеп табуу үчүн ири операция жүргүзүүдө. Бийлик полиция атып өлтүргөн шектүү Австрия менен Түндүк Македониянын жарандыгын алган 20 жаштагы жигит экенин билдирди.

Түркмөнстан жарандардын өлкө аймагында себепсиз жолго чыгышына чектөө киргизди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын бийлиги жарандардын өлкө аймагында кийинки жылдын 1-январына чейин себепсиз сапарга чыгышына чектөө киргизди. Мындай чектөө расмий эмес мүнөздө болуп, коронавирусту жайылтпоо максатында болушу мүмкүн. Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө тааныбай келет. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, жолго чыгууну каалагандар атайын комиссиядан уруксат алышы керек болот. Бул комиссиянын курамына полициянын, Миграциялык кызматтын, Улуттук коопсуздук министрлигинин... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Кирилл Купченко, Директор по послепродажному обслуживанию ABTOДОМ МКАД рассказал о сервисном обслуживании электромобилей Zeekr





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья отказался от должности и попросил защиты у Лукашенко. Он обвинил Варшаву в нечестной политике




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

Концерт памяти Булата Окуджавы пройдёт на Камчатке



Москва

В Пушкине построили новый дом для переселенцев из аварийного жилья

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net