Арменияда оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды
Арменияда миңдеген адамдар өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты. Шаардын борбордук Эркиндик аянтына топтолгон адамдар Пашиняндын Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшун айыптап, кыйкырып жатышты. Акциянын жүрүшүндө полиция менен кагылыш орун алып, бир нече демонстрант кармалды. Еревандагы митингде сүйлөп жатып, Армян революциялык федерациясы кыймылынын лидери Ишхан Сагательян “согуш Пашиняндын ирээтсиз саясатынан улам тутанганын” билдирди. Түнкү 12ге чейин парламент чукул жыйынга чогулуп... Читать дальше...