Казакстандык укук коргоочу айымдар
29-ноябрда укук коргоочу аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күнү айрым казакстандык укук коргоочу аялдар ишмердигинде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып чыгышты.
29-ноябрда укук коргоочу аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күнү айрым казакстандык укук коргоочу аялдар ишмердигинде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып чыгышты.
АКШдагы "Moderna" компаниясы өзү өндүргөн коронавируска каршы вакцина 94 пайыз натыйжа көрсөткөнүн жарыялады. Буга байланыштуу компания АКШда жана Европада тезинен каттоого уруксат алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылган жатат.
Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагында белгисиз жоочулар төрт уруу аксакалын өлтүрүп кетти. Жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" алар 30-ноябрда Хайсур шаарында машинада келатышканын, аксакалдарга башка машинадан кол салуу болгонун айтып беришти. Чабуул койгондор из жазгырып кетти, бул кандуу окуяны ким уюштурганы белгисиз. Түндүк Вазиристандын полиция башчысы Шафиулла Гандапур териштирүү башталганын маалымдады. Мындан эки күн мурун бул райондо курулушта иштеп жаткан төрт куруучу киши колдуу болгон. Читать дальше...
Беларуста сот оппозиционер жана блогер Сергей Тихановскийди февраль айынын аягына чейин тергөө абагында камоо тууралуу өкүм чыгарды. Анын адвокаттары билдиргендей, Тихановскийдин буга чейинки мөөнөтү 29-ноябрда аяктаган болчу. Сергей Тихановский ушул жылдын май айында камакка алынган жана ага коомдук тартипти одоно бузган, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишкен деген айып коюлган. Ал президенттик шайлоого катыша албай калганындыктан, анын ордуна шайлоого аялы Светлана Тихановская аттанган жана... Читать дальше...
Беларуста 29-ноябрда өткөн оппозициянын жүрүшүндө 400дөн ашык адам кармалды.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитеттин» кайрылуусуна жооп берди. Аталган комитет саясий туткундарга адилет сот чечимин жана алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароону талап кылып кайрылган. Нургазы Анаркуловдун жообунда: «Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга жана Конституцияда белгиленген жарандардын укуктары менен эркиндигин... Читать дальше...
Футбол жылдызы Диего Марадонанын жеке дарыгери "кокусунан адам өлтүрүүгө барган" деп шектелип жатат. Беларуста оппозициянын жекшембидеги акцияларында 300дөн ашык адам кармалды. Иран киши колдуу болгон белгилүү окумуштуу-физик Мохсен Фахризадени акыркы сапарга узатты.
Боз-Адыр Баткен облусунун четиндеги чакан айылдардын бири. Бул жерде күнүнө бир саат гана суу чыгат. Бир учурда тамчы сууга зар болгон айыл эли буга да каниет кылат. Үч миңден ашык калкы бар кыштактын жашоо-шарты азыр деле жеңил эмес. Жашоо-турмуш негизинен мигранттар тапкан акчага көз каранды.
Кыргызстанда жаңы түзүлгөн «Комитет 93» саясий кыймылы 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтууну сунуштады. Кыймылдын мүчөлөрү муну Баш мыйзамга байланыштуу коомчулукта мунаса табууга болот деп негиздешти. Юристтерден, саясатчылардан түзүлгөн топ 30-ноябрда Бишкекте жыйын өткөрүштү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 29-ноябрда болгон жардырууну уюштурган деп шек саналган «Талибан» кыймылынын мүчөсүн жок кылышты. Өлкө чыгышындагы Газни провинциясындагы жанкечтинин жардыруусу 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган. Бирок Коргоо министрлиги курман болгондордун санын азайтып, 10 эле адам өлгөнүн билдирди. Газни провинциясында соңку кездери «Талибан» кыймылынын согушкерлери менен ооган армиясынын ортосунда кагылышуулар көп болуп келатат. Аймактагы 19 райондун жарымынан көбү талибдердин көзөмөлүнө өткөн. Читать дальше...
Кыргызстанда жаңы түзүлгөн «Комитет 93» саясий кыймылы 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтууну сунуш кылды.
«Reuters» маалымат агенттиги ал аккаунт соңу жумаларда пайда болуп, падыша Маха Ваджиралоңкорнду жана анын сарайын мактап-жактаган билдирүүлөрдү тараткан миңдеген аккаунттар менен байланышта болгонун аныктаган. Сентябрь айында пайда болгон бул аккаунттун 48 миңдей катталуучусу болгон. Анын профилинде «Твиттер» аккаунт ыктыярчыларды окуткан «Royal Volunteers» программасына караштуу экени жазылган. «Reuters» агенттигинин иликтөөсүнө караганда миңдеген аккаунттар падышанын оппоненттерине каршы координацияланган билдирүүлөрдү жайылтып турушкан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик органдан өзү тууралуу мамлекеттик сыр болбогон маалыматтарды алууга укуктуу деп эсептейт. Ал мындай норманы Баш мыйзамдын 27-беренесине киргизип, өзгөртүүнү сунуш кылды. Ага ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдан, жергиликтүү бийликтен жана мамлекеттик мекемеден жашыруун сыр болуп эсептелбеген маалыматтарды алууга укуктуу. Ар бир жаран өзү, жакындары тууралуу туура эмес маалыматтарды... Читать дальше...
Аксынын Дейрес-Сай тилкесинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына ичкери кирип кеткен чек ара тосмолорун орнотуп жатканы тууралуу видео тасма тарады.
Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу же абакта калтыруу маселеси райондук соттун биринчи отурумунда каралат. «Биз Жогорку соттон төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранганбыз. Читать дальше...
Иранда белгилүү окумуштуу-физик, бир нече күн мурун киши колдуу болуп өлгөн Мохсен Фахризаденин сөөгү жерге берилди. Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат. Тел-Авив окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде эл аралык Венеция комиссиясында өлкөдө сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы адам укуктарына байланыштуу беренелерди карап берүүсүн өтүнүп кайрылганын айтты: «Мен башкаруу системасынан мурда өлкөнүн акыйкатчысы катары Конституциянын долбоорундагы адам укуктарынын маселеси тынчсыздандырат. Ушул себептен улам өзгөртүүлөрдөгү укукка байланыштуу чектөөлөрдөн улам Венеция комиссиясына кайрылдым. Азырынча жооп ала элекмин. Читать дальше...
Дастан Дүйшөкеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатат. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттыкка» президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, аны дайындоо тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 17-ноябрда кол койгон. Дүйшөкеев быйыл октябрь айындагы окуялардан кийин ошол кезде бийликке келген Садыр Жапаровдун алгач басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болуп иштеген. Ал президенттик... Читать дальше...
Милиция кызматкерлери саясаттан алыс болуп, ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюшу зарыл. Мындай талап 30-ноябрда ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбековдун мекеменин башкы башкармалыктарынын жетекчилери менен өткөргөн онлайн жыйынында коюлду. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайлары талкууланып, коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга, иликтөөгө, иштерди мыйзам чегинде тергөөгө багытталган маселелер, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү иштери талкууланды. Читать дальше...
Атактуу аргентиналык футболист Диего Марадонанын жеке дарыгери кокусунан киши өлтүрүүгө барган деп шек саналып жатат. Прокуратуранын буйругу менен дарыгер Леопольд Лукенин үйүндө жана жеке кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Тергөө иштери Марадонанын кыздарынын көрсөтмөсүнөн кийин башталды. Алар атасынын өлүмүнө жеке дарыгери күнөөлүү болушу мүмкүн экенин айтышкан. Легендарлуу футболчу 25-ноябрда жүрөгү кармап, көз жумган. Ноябрь айынын башында анын мээсине операция жасалып, андан соң үйүндө дарыланып жаткан. Читать дальше...
Москва шаарындагы Лефортов райондук соту «мамлекетке чыккынчылык кылган» деп айып коюлган мурдагы журналист Иван Сафроновдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 7-мартка чейин узартты. Бөгөт чарасын караган судья ага кепилдик берген ондогон адамдын катын эске алуудан баш тартты. Сафронов күнөөсүн моюнга алган эмес жана өзүнүн камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Анын жактоочулары Сафронов эмнеге айыпталып жатканы так эмес экенин бир канча жолу айтып келишкен. «Коммерсантъ» менен «Ведомости» гезиттеринин мурдагы кабарчысы... Читать дальше...
Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу отурум өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Читать дальше...
Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Адвокат Чынара Жакупбекова «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, бүгүнкү отурумда далилдер менен таанышуу процесси уланды: «Азыр иштин материалдарын изилдөө жүрүп жатат. Бир жумадан кийин жарыш сөзгө өтөбүз». Соттун кийинки отуруму 3-декабрга белгиленди. Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден... Читать дальше...
«Reuters» агенттиги Өзбекстандын өкмөтүндөгү булактарына таянып, Ташкент Сирияда лагерлерде кармалып турган жарандарынын бир тобун алып келүүгө кам көрүп жатканын жазды. Ага ылайык, өзбек делегациясы аталган өлкөнүн күрддөр көзөмөлдөгөн аймагындагы эки лагерди кыдырып, негизинен аялдар менен балдардан турган 100дөй кишини алып кетүү тууралуу макулдашкан. «Reuters» агенттигине өзбек өкмөт өкүлү лагерлердеги алардын жарандары «өтө оор абалда жашап жатканын, тамак-аш, суу тартыш экенин, медициналык жардамга муктаж болуп жатканын» билдирген. Читать дальше...
Иранда киши колдуу болгон белгилүү окумуштуу-физик, Мохсен Фахризаденин зыйнаты өттү. Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы Коргоо министрлигинин короосунда бир катар расмий адамдардын катышуусунда өткөн тажыяны түз көрсөттү. Окумуштуунун машинеси 27-ноябрда башкалаанын жака белинде буктурмага кабылган. Иран бийлиги анда жүк ташыган машинеге коюлган бомба жарылганын, андан соң куралчан адамдар Фахризадеге ок атканын маалымдаган. Тегеран кол салуу үчүн Израилди айыптап келатат жана өч аларын эскерткен. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.