Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 27.11.2020

Абай – Арстанбек менен Шортанбайдан кийинки доордун жарчысы

Azattyk.org 

Дүйнө коомчулугу быйыл атактуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Тарыхчы Т.Чоротегин Абай өз доорунун айтылуу заманачыларынын кыртышынан жаңы сереге өнүп чыккан ойчул акын болгондугун өз блогунда баса белгилейт.

Пакистан: Түндүк Вазиристанда төрт куруучу өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Пакистандын ар кыл этностогу уруулар жашаган Түндүк Вазиристан аймагында курулушта иштеп жаткан төрт куруучу өлтүрүлдү. Окуя Мирали шаарынын жанында болгон. Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн инженердик бригадасында иштеп жаткан алты адамды атып кетишкен. Түндүк Вазиристандын полициясынын башчысы Шафиулла Гандапур учурда аталган район курчалып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирди. Ооганстан менен чектешкен бул аймакта өкмөттүк кызматкерлерге кол салуулар көп катталат.... Читать дальше...



Лукашенко жаңы конституция кабыл алынгандан кийин кызматтан кетерин айтты

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Беларуста жаңы конституция кабыл алынган соң кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги жазып чыкты. Лукашенко Минсктеги ооруканага барган учурунда “Жаңы конституция кабыл алынган учурда силер менен президент катары иштешпей калган болом”, - деп айткан. Ал жаңы конституция качан кабыл алынарын тактаган эмес. Бирок Беларус Баш мыйзамын жана президенттин укуктары боюнча өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеген. Лукашенко буга чейин Конституцияны өзгөртүү... Читать дальше...

"Эски катаны кайталап жатабыз"

Azattyk.org 

Президенттикке ат салышууга арыз бергендердин бири - экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде Кыргызстанда парламенттик башкарууну бекемдеп, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылган система түзүүнү жактай турганын айтты.

Иранда өзөктүк программанын жетекчилеринин бири өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы баштаган маалымат каражаттары жазып чыкты. Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусуна жакын Fars маалымат агенттиги окуянын күбөлөрүнүн сөзүнө таянып, алгач жардыруу болуп, андан соң атылган октун үнү угулганын жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Фахризаде түшкөн автоунааны белгисиз адамдар аткылашкан. Анын кесепетинен физик жараат алып, оорукананага жеткирилген. Читать дальше...

Чаткалда журналист суракка чакырылды

Azattyk.org 

«Клооп» басылмасынын Чаткалдагы алтын казуунун күнгөй-тескейин иликтеген кабарчысы Аскарбек Мырзабеков 25-ноябрь күнү милицияга суракка чакырылды. Муну редакция басым катары баалады.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Чоткараев кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

27-ноябрда кечинде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары кармап кетти. Бул тууралуу президенттик шайлоого талапкер болуш үчүн арыз жазган УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, Чоткараев Сегизбаевдин шайлоо штабынын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан. «Чоткараев менин талапкерлигим үчүн кол топтоо иштерин координациялап жаткан. Аны кармоону саясий кысым катары баалайм. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат», - деди Сегизбаев. Читать дальше...



АКШ элчилиги Кыргызстанда референдумдун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунуштарды кубаттады

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинге калтыруу боюнча сунушту кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 27-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат. Анда элчилик кыргыз элине өз мамлекетин кандайча башкаруу зарыл экени боюнча бир пикирге келиш үчүн убакыт керек экенин белгилеген. «Конституцияга киргизилчү бардык өзгөртүүлөрдү кыргыз эли кеңири коомдук талкуудан кийин чечиши керек. Конституциялык кеңешме жарандык коомдун,... Читать дальше...

Сотко нааразы саясатчы ачкачылык кармоону чечти

Azattyk.org 

Саясатчы, Бектур Асанов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай баштады. Ал муну сотто акталбай, иши каралбай жатканы менен байланыштырууда. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Асановду Борбордук шайлоо комиссиясы соттуулугу жоюла элек деген негиз менен жарыштан четтеткен.

Түркмөнстан: 45 жаштан өткөндөр үйдөн чыкпайт

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги 45 жаштан өткөн адамдарга өлкө ичинде бир аймактан экинчисине барууга чектөө киргизди. АКШ президенти Дональд Трамп эгер шайлоочулар коллегиясы Жо Байденди жеңүүчү деп атаса, Ак үйдөн кетүүгө даяр экенин айтты. Британиялык «AstraZeneca» фармацевтик компаниясы коронавирустун вакцинасын кошумча иликтөөгө киришти.

Навальный Евробиримдикти орус олигархтарына санкция салууга чакырды

Azattyk.org 

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Евробиримдикти орус президенти Владимир Путинге жакын олигархтарга санкция киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетиндеги онлайн талкуунун жүрүшүндө билдирди. Жыйынга Навальный менен катар орусиялык оппозиционерлер Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Владимир Милов катышты. Алексей Навальный Евробиримдикти Орусия менен кызматташтыктын жаңы стратегиясын иштеп чыгууга үндөдү. Ал ошондой эле Европа Биримдигине президент... Читать дальше...

Милиционер кыйноого кабылганын жарыялады

Azattyk.org 

УКМК 12-мартта Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери келе жаткан машинени токтотуп, баңгизатка байланыштуу кылмышка шектүү катары милициянын капитаны Айбек Жакыповду кармаган.

Баш мыйзамдан мурда башкаруу формасын аныктоо сунушталды

Azattyk.org 

Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор Конституциянын жаңы долбоору 10-январда референдумга чыгарылбай калганын айтышууда. Анын ордуна башкаруунун формасын тандоого коюу тууралуу сунуш берилди. Ал эми Конституциялык реформага каршы чыккандар өлкөдөгү саясий, экономикалык кризисти эске алып бул маселени президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин талкуулаш керек деп эсептешет. Алар ушул жол мыйзамдуу экенин, ошондой эле бардык тараптардын пикири да эске алынарын белгилешти. Конституцияны өзгөртүүнү... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сот Албек Ибраимовдун жоктугуна байланыштуу болбой калды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч иш кошулганына байланыштуу, 27-ноябрга белгиленген сот жараяны болгон жок. Буга «Кой-Таштагы жер тилкеси» боюнча иште айыпталып жаткан экс-мэр Албек Ибраимовдун өлкөдө жоктугу себеп болду. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, адвокаттар соттон бириктирилген иштерди өз алдынча бөлүп кароону өтүнүшмөкчү. «Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан Кой-Таш окуясы тууралуу иштен... Читать дальше...

Матубраимов: Кыргызстанды кыйнап, бузуп аткандар - бир ууч эле кишилер

Azattyk.org 

«Кыргызстанды кыйнап, коррупция кылып, байып, саясатка киришкендер, кландардын башчылары, өндүрүштү басып алгандар элдин 0,1% да түзбөйт. Бирок алар бүгүнкү күнү өлкөнү бузуп, элди кыйнап атышат». Мындай пикирин коомдук ишмер, экс-спикер, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасындагы маегинде билдирди. Анын айтымында ушул бир ууч кишилер жаатташууну, тирешүүнү, коррупцияны токтотсо, өлкө өнүгүп, эл кыйналбайт эле. «Калыстык кылып, өлкөнү туңгуюктан чыгарыш керек. Читать дальше...

Садык Шер-Нияз: Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз конституциялык реформанын алдында башкаруунун формасын аныктап алуу тууралуу сунуштан улам Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 27-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Садык Шер-Нияз эгерде 10-январда Конституциянын жаңы долбоору референдумга чыгарылбаса кеңешме ишин токтотушу керек деген пикирде. «Азыр эмне үчүн Конституциялык кеңешме иштеп жатат? Читать дальше...

Финпол: Тайырбек Сарпашевге иш козголду

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын 27-ноябрда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган». Финпол Сарпашев бул боюнча суракка чакырыларын кабарлады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Карди Би

Создала пробку: юбку Карди Би на Met Gala несли сразу девять ассистентов





Персональные новости
PR time

Грандиозный проект «АртПушкин» стартует в Санкт-Петербурге





Байсалов: "Парламенттик демократияны" катуу сындап жүрөм

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов конституциялык кеңешмеге эмнеге мүчө болгону, азыркы Баш мыйзамдын кемчилиги эмнеде экени тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшүп келген саясатчы Эдил Байсалов мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиевди бийликтен кубалоонун айынан өлкө соңку жылдары артка кеткенин белгиледи.

Австралия Ооганстанда кылмышка айыпталган жоокерлерин жазалайт

Azattyk.org 

Австралия армиясынын кол башчысы Рик Бурр атайын бөлүктүн 13 жоокери Ооганстан боюнча баяндамага байланыштуу кызматтарынан алынарын жума күнү билдирди. Өткөн аптада жарык көргөн документте австралиялык аскерлер 2005-2016-жылдар аралыгында 39 карапайым ооганды жана туткунду мыйзамсыз өлтүргөнү айтылган. Генерал Бурр чара көрүлө турган жоокерлердин ысымдарын атаган жок, бирок алар адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылышы мүмкүн деген азыркы жана мурдагы 19 аскердин катарына кирбейт деди. Сөз... Читать дальше...

Европарламент Беларустагы адам укуктарынын бузулушу боюнча резолюция кабыл алды

Azattyk.org 

Европа парламенти 26-ноябрда Беларуста адам укуктарынын бузулушун жана Роман Бондаренко аттуу жигиттин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алды. Европанын депутаттары Беларус бийлигин зомбулукту токтотууга үндөп,  9-августтагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Ошондой эле документте Еврошаркеттин фондунан Беларус өкмөтүнө акча которууну толугу менен токтотуу жөнүндө чакырык да камтылган. 31 жаштагы Роман Бондаренко Минксиде 11-ноябрда табышмактуу жагдайда каза болгон. Анда... Читать дальше...

Матубраимов: Парламенттик башкаруу болгону менен жоопкерчиликти жалгыз президент тартып келе жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен ошол мыйзамдар иштебей турганын белгилеген коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов бул мүчүлүштүк бийлик башындагыларда да бар деп эсептейт. Экс-спикер бул тууралуу «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасына маек куруп жатып билдирди: «Мына, мыйзам боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы. Президенттин бийлиги жок. Парламент өкмөттү бекитет, кааласа кетирет. Президент коргоо министри менен коопсуздук кызматынын жетекчисин коё алат. Калган укуктун баары парламентте. Читать дальше...

Бишкекте жаштардын «Жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» талкуусу өттү

Azattyk.org 

Бишкекте «Жаштардын жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» деп аталган улуттук “тегерек стол” талкуусу өттү. Талкуу “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоорду “Тынчтык жана өнүктүрүү институту” (IPD) коомдук фонду “Жаштар кеңештери жана уюмдары” ассоциациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү жана илим министрлиги жана Эл аралык мамилелер институту (IFA) менен биргеликте ишке ашырууда. Жыл башынан бери долбоордун... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Известна спортивная программа фестиваля "Московская весна"


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: 9 мая в Москве еще будет кружить снег





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о мгновенном ответе Минска на любую агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Моргенштерн

Симпл из NAVI выступил на концерте Моргенштерна* с фристайлом



Москва

В Москве выставили на торги палаты купцов XVIII века

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net