Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 26.06.2019

Абактагы саясатчылар кыйноо тууралуу даттанган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын абакта отурган саясатчылары кыйноого кабылганы боюнча факт же арыз каттала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди:  - Саясатчылардын жагдайы дайыма көзөмөлдө, анткени алар коомчулуктун да, укук коргоочулардын да көңүл чордонунда. Баарына эле барып, кабар алып жатабыз. Эч кимиси кыйноо же катаал мамиле боюнча арызданган жок.  Учурда Өмүрбек Текебаев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Аида Салянова... Читать дальше...

Исаев: Урматбек Самаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон эмес

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев фракциялашы Урматбек Самаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айтууда. Ал бул тууралуу 26-июнда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди: - Урматбек Самаев боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир топ маалымат чыкты. Мен расмий түрдө Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам. Эгерде менин сөзүм калп болсо муну Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) айтсын. Читать дальше...

Иран Орусиянын “Армия-2019” 5-Эл аралык аскердик-техникалык форумуна катышууда

Ca-irnews.com (kg) 

Кечээ, 25-июнда Москва шаарынын чет жакасындагы “Патриот” паркында “Армия-2019” 5-Эл аралык аскердик-техникалык форуму  дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу аскер адамдарынын катышуусунда ачылды.



Атамбаев өзүн коргоп жаткан элдик штабдын мүчөлөрүнө барды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту.  Анын тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган.   Атамбаевдин «Апрель» телеканалы шаршембиде «Саясий туткундарды колдоо» телемарафонун уюштурду.  Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Читать дальше...

"Move Green" Бишкектеги абаны тазалоо үчүн чукул чара көрүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Бишкекте 26-июнда "Move Green" экологиялык кыймылы өткөргөн жыйында баш калаадагы абанын булганышына байланыштуу жаңы изилдөө сунушталды. Алар көрсөткөн маалыматка ылайык, Бишкектин абасы 2018-жылдын октябрынан 2019-жылдын март айына чейин текшерилип, РМ 2,5 (оор металлдардын) көрсөткүчү нормадан өтө жогору экени аныкталган. Аталган кыймыл Жогорку Кеңеш жана шаар бийлигине абага байланыштуу чукул чараларды көрүүнү сунушташты. Ошондой эле абанын сапатынын индексин киргизип, кышкы жылуулук маалында элге маалымат таркатуу керектигин айтышты.

Атамбаевдин ишине байланыштуу Конституциялык палатага арыз жазылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу парламенттин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышты.  Арызга депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова жана партиянын юристи Нурбек Касымбеков кол койгон.  Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарды. Читать дальше...

“Бешинчи каналды” сатуу сунушу колдоого алынууда

Azattyk.org 

“Бешинчи канал” боюнча мыйзам долбоорун парламентте үчүнчү окууга даярдоо учурунда жазуу түрүндө сунуштар жана сын пикирлер келип түшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылып, долбоор кийинки талкууга жөнөтүлдү. Өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоору парламенттик деген макам берилген “Бешинчи каналдан” ошол макамды алып салып, андан ары сатуу максатын көздөйт. Бул канал 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында... Читать дальше...



Мар Байжиевге “Шериктештик жылдызы” сыйлыгы берилди

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевге КМШ өлкөлөр аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыгы берилди. Аны жазуучуга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 25-июнда Бишкекте тапшырды. Байжиевге бул сыйлык ыйгарылганы быйыл май айында Түркмөнстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл интеллигенциясынын XIV форумунда жарыяланган. 2018-жылдагы жыйынтык менен “Шериктештик жылдызы” наамына КМШ өлкөлөрүнөн 11 илим жана маданият ишмерлери ээ болгон. Быйылкы лауреаттардын катарында Азербайжан эл артисти... Читать дальше...

БУУ: Баңгизат колдонгондор болжолдонгондон да көп

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси 26-июнда маңзат өндүрүү жана аны колдонгондор боюнча иликтөөсүн жарыялады. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча баңгизат колдонгондордун саны мурда болжолдонгондон 56 пайызга көп. 2017-жылдагы эсеп боюнча, апийимди жана кокаинди жок дегенде бир жолу колдонгондордун саны 171 млн. жеткен. Кокаин өндүрүшү 2017-жылы 25 пайызга өскөн. Натыйжада анын көлөмү 1970 тоннадан ашып, рекорддук чекти багындырган. 2018-жылдагы кургакчылыкка байланыштуу... Читать дальше...

АКШ мамкатчысы Ооганстанга барды

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 25-июнда мурда жарыяланбаган иш сапары менен Ооганстанга барды. Помпео ооган президенти Ашраф Гани жана башка жогорку даражадагы жетекчилер, НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн башкы командачысы, америкалык генерал Скотт Миллер менен жолугушту. Мамлекеттик катчынын айтымында, “Вашингтон Ооганстанда тынчтык орношуна артыкчылык берет”. “Мен 1-сентябрга чейин тынчтык келишимине жетишебиз деп ишенем, бул биздин негизги миссиябыз экени талашсыз”, - деди Помпео.... Читать дальше...

Мамытов: Кытайда саясий негизде камалгандар жок

Azattyk.org 

Кытайдын түрмөлөрүндө жасаган кылмышы үчүн болбосо, саясий негизде камалган кыргыздар жок. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Мамытов өлкөдөгү "тарбиялоочу" деп аталган лагерлерге токтолуп, мында жарандар окуп, кесипке үйрөнүп жатканын айтты. Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айынан баштап чыга баштаган. Казакстандык "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

Кыйноонун психологиялык басым өткөрүү ыкмасы көп колдонулуп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жабык жайларда кыйноонун физикалык түрүнө караганда психологиялык басым өткөрүү фактылары көп болууда. Кыйноо борборунун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, башка желим баштык кийгизүү, батареяга колду байлап коюу, суукта муздак суу чачуу өңдүү кыйноо ыкмалары азайган.  "Азыр көбүнчө ур-токмок колдонулат. Андан тышкары, психологиялык басым, "чөнтөгүңө маңзат салып кетебиз, үй-бүлөңдү ойло",- дегендей коркутуулар көп",- деди Сулайманов.  Анын айтымында, быйыл беш айда Кыйноонун... Читать дальше...

Эл өкүлү: Кумтөр келишими боюнча өкмөттүн келишими чийки

Azattyk.org 

Өкмөт бейшемби күнү Кумтөр келишими боюнча парламенттин жалпы жыйынында маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 25-июндагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин мүчөсү, эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди. "Оппозиция жыйын ачык болсун деп жатат. Аларды угуп, ачык кылабыз. Өкмөт тараптын иши кичине чийки болуп жатат".  25-июнда комитет өкмөттүн өтүнүчү менен маалыматты журналисттерди катыштырбай, жабык уккан. Читать дальше...

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу даяр болду

Azattyk.org 

«КТ Мобайл» компаниясы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн 26-июнда парламенттин жыйынында депутат Курманкул Зулушев билдирди. Анын сунушу менен аталган маселе Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине кирди. Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө максатында түзүлгөн. «КТ Мобайлдын» тегерегинде ызы-чуу быйыл майдын башында чыгып, алгач компаниянын жетекчилери... Читать дальше...

Сот Адамкул Жунусовду абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду абакта калтырды. Бул тууралуу шаардык соттон 25-июнда “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин Октябрь райондук соту Жунусовду соттук териштирүү бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Адвокаттар айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылган. Мурдараак Жогорку сот Адамкул Жунусовго байланыштуу соттук териштирүү токтотулуп, кылмыш иши соттук-экономикалык экспертизага жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Айсылу Чижевская передумала разводиться со своим приемным сыном





Персональные новости
Queen

White Queen Birthday party «Королева морей»





Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары болот

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте совет доорунда репрессия болгон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган толук метраждуу даректүү тасманын бет ачары болот. Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Абдрахманов тууралуу материалдар дээрлик бир жылга чукул убакыттан бери Москва, Алматы, Ташкент жана Кыргызстандын архивдеринен алынды. Анын сценарийин Бакыт Орунбеков жазган. Тасма жалпы көрүүчүлөргө 29-июндан тарта көрсөтүлө баштайт. Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз... Читать дальше...

Трамп Путин менен Жапонияда жолугат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен ушул аптанын соңунда Жапониянын Осака шаарында өтө турган “Чоң жыйырманын” саммитинде жолугат. АКШ администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жыйын учурунда Трамп Путинден тышкары дагы бир нече өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Трамп Кытайдын төрагасы, Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы, Түркия президенти менен жолугат. Кездешүүлөрдүн так убактысы айтылган жок, себеби Трамптын саммиттеги иш графиги толук даярдалып бүтө элек. Читать дальше...

Ысык-Көлдө таэквондо боюнча Азия чемпиондугу башталды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 26-июнда таэквондо ITF боюнча Азия чемпиондугу жана Азия кубогу башталды.  Кыргызстандын Таэкфондо ITF бирикмесинин башчысы Эдуард Хегай билдиргендей, таймаштарга он беш мамлекеттен спортчулар жана калыстар келди.  Спортчулар Чолпон-Атадагы дене-тарбия жана саламаттыкты чыңдоо комплексинде күч сынашат. Калыстарга "Good Lake" пансионатында семинар да уюштурулат. Окуудан өткөн калыстар дүйнө чемпиондугуна барып, таймаштарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.  Ысык-Көлдөгү Азия чемпиондугу 30-июнда аяктайт.

Грузия: Маргелашвили акциянын катышуучуларын колдоду

Azattyk.org 

Тблисиде оппозиция лидерин камоо коркунучунан улам Орусияга каршы нааразылык акциясы алтынчы түнү дагы уланды. Миңдеген адамдар ички иштер министринин отставкасын талап кылууда. 25-июндун кечинде Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргвелашвили парламент алдындагы акциянын катышуучуларына кайрылып, “азыр көрүп турган, жаңы тарых жазылып жаткан Грузия менен, аянтта тургандар менен сыймыктанарын” билдирди. “Бул тарых кан менен жазылып жатканы өкүнүчтүү,” - деди ал.  “Ушул аянтта чындык жана күч бар. Читать дальше...

Токон Мамытов: Кыргызстанда саясий куугунтук жок

Azattyk.org 

Адам укуктарынын, анын ичинде саясий укуктардын абалы, диний-экстремисттик, террордук аракеттерге, улут аралык кастыкка тиешеси бар деп кесилгендердин, чет өлкөлөрдө жазаларга кирептер кыргызстандыктардын жагдайы, кыйноого каршы аракеттер тууралуу суроолорго Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов жооп берди. “Азаттыктын” 2х1 форматындагы интервьюну Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Асанов уюштурду.

Спорт в России и мире
Москва

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв стал победителем «Мастерса» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жителей Москвы предупредили об аномально холодной погоде





Путин в России и мире
Москва

Никол Пашинян наговорил перед разговором // Премьер-министр Армении и президент России обсудят двусторонние разногласия


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Белоруссия реагирует на обострение обстановки вблизи границ страны




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.



Москва

Рошаль на встрече с Путиным похвалил физическую форму президента России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net