Прокуратура: ЖЭБ боюнча тергөө объективдүү жүрүп жатат (видео)
Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон, алар толук, объективдүү жана ар тараптуу тергелүүдө. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди: - Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу жана палатанын жыйынынын стенограммасы менен чечими кылмыш ишине тиркелет. Ошол боюнча тергөө жүрүп, укуктук баа берилет. Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарынын алкагында тергелип жатат. Читать дальше...