Иракта парламенттик шайлоо өтүп жатат
Иракта 12-майда эртең менен саат 7:00дө бардык добушканалар ачылып, парламенттик шайлоо башталды. "Ас-Сумария" телеканалы көчөлөрдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады. Парламенттеги 328 орунга 7,4 миң талапкер ат салышууда. Шайлоого катышып жаткан 320 партиянын, альянстардын жана көз каранды эмес талапкерлердин аты жазылган 88 тизме даярдалды. Эксперттердин божомолуна караганда, азыркы премьер-министр Хайдар ал-Абади башкарган "Наср" жана вице-президент Нури ал-Малики жетектеген "Мыйзамдуу мамлекет" альянсы жеңиши мүмкүн. Читать дальше...